Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:20

Муса Мураталиев, Москва Орусиянын басма сөз каражаттарынын жазганына караганда, өкмөт башчынын ыйгарым укуктары Владимир Путинге ал ишке өткөндөн тартып ирденет. Жакында Орусияда баанын эркин кое берилиши күтүлөт, ошондон соң өлкөдө байып бараткандар кирешеси жардылардыкына салыштырганда 16 эсеге өсөт деп жазат дагы бир гезит. Өткөн аптада эл аралык Freedom House уюму жарыялаган докладда орусиялык массалык маалымат каражаттарынын эркиндиги кескин кыскарганы айтылат.

Эл аралык Freedom House уюмунун отчетунда Орусияда басма сөз эркиндигине чек коюу мындан алты жыл мурда байкалган деп белгиленет. Ошол себептүү 2006-жылкы докладда андай маанай туурасында кеп болгон. Андан бери жагдай оңолгон жок. Москва бийлигинен үлгү алгандай, мурдагы Советтер союзунун курамына кирген өлкөлөрдүн көбүндө да массалык маалымат каражаттарына карата кысым курчуган. Андай өлкөлөр катталган тизмеде быйыл Орусиядан тышкары Грузия менен Кыргызстан да бар.

Журналисттер эл аралык комитетинин баш катчысы Уайт Айден айтканга караганда, Орусияда журналисттердин көз карандысыздыгы - бийликке атаандаштык болуп көрүнөт:

-Орусияда жарандык коом салты жок экендигин мен жакшы түшүнөмүн. Эгерде сен көз карандысыз болсоң, сени ошол замат оппозициянын катарына кошуп коюшат. Мындай жорук болбогон кеп.

Ал эми аз нуска менен чыгып жатса дагы, макала чыгарып келген басылмаларга сереп сала келгенде, Мамдума эшиги артында президент Путиндин Ак үйгө өтүүсүн утурлап, жаңы мыйзам даярдалып атканын «Время новостей» жазат. «Жарымы президенттик жумурият» деп аталган ал макалада «Баш мыйзамды оңдоо болбойт, бирок Владимир Путиндин, маселен, күч түзүлүштөргө баш-көз болууну колунан чыгарып жибербей турганы эч кимди күмөн санатпайт. Ошондуктан анын кызыкчылык чөйрөсүндө, канткен күндө да, тышкы саясат болот» - деп айтылган.

“Май. Нарк. Эркиндик” деп аталган баянда «Труд» гезити Орусияда байлар байыгандан байып, жардылар жалчыга айланып баратышканын кеп кылат. Жакынкы күндөрү өкмөт бааны буга чейинкидей кармап турбай кое бергени жатат деп жазат. Андай апааттан кантип кутулуунун жолун издеген адисттердин кеңеши берилет. Алардын бири:

-Эгерде калк мындан да жакырланбасын десе, өкмөт азык-түлүк, товар өндүрүп жаткандарды каржылоого тийиш, эмне дегенде алар үчүн акчаны сатып алуучулардын чөнтөгүнөн алабы же мамлекет казнасынан алабы баарыбир эмеспи, - деп жооп кайтарган.

Ал эми башка бир адис:

-Жардылар үчүн жөлөк пул ордуна өкмөттүк кагаз киргизүү жөндүү. Атуулдар нан, сүт, жумуртка сыяктуу азык-түлүктү ошол кагазга алмашып алгыдай болушу керек, - деген кеңешин берет.
XS
SM
MD
LG