Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:51

10:15 Өзгөндө айылдык кеңештин депутаттарына шайлоо жүрүп жатат


Ош облусунун эки: Өзгөн жана Араван районунда төрт айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо жүрүп жатат. Өзгөн райондук шайлоо комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоновдун “Азаттыкка” мааалымдаганы боюнча шайлоо участоктору эрте мененки саат сегизде ачылган, учурда добуш берүү жүрүп жатат. Саат 10:00 карата эки айыл өкмөт боюнча шайлоочулардын 8% добуш берди. Өзгөндүн Мырзаке айылдык кеңешине 21 депутаттык орунга 51 киши талапкерлигин койгон. Алтынбулак айылдык кеңешине 11 орунга 15 талапкер катышууда. Шайлоого талапкерлердин байкоочулары көз салып жатышат. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG