Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:15

Өтүп бараткан аптада Кыргызстанда бир катар олуттуу саясий окуялар болуп өттү. Алардын ичинде “Ак жол” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/9CACFD64-9005-41E8-921A-1378629DB487.asp партиясынын курултайы, “Ар намыс” партиясынын лидери Феликс Куловдун президент менен жолугушуусу, Кыргызстан менен Тажикстандын күч структарларынын жыйналышы жана парламентте азык-түлүк коопсуздугунун талкуулашы негизги окуялардан болду.

30-апрелде президент Курманбек Бакиев “Ар намыс” партиясынын лидери Феликс Куловду кабыл алды. Анын учурунда Феликс Кулов чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча сунушун президентке көрсөттү. Мына ошол сунуштун негизинде чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча 2-майда президенттин жардыгы менен дирекция түзүлүп, анын башчылыгына Феликс Кулов дайындалды.

Феликс Куловдун шакирттери анын мындай кадамы мамлекет кызыкчылыгы үчүн иштөө максатында жасалганын билдиришүүдө. Феликс Куловдун жардамчыларынын бири Азамат Калмандын айтымында, партия лидери жакын арада маалымат жыйынын өткөрүп, анда өз чечиминин себептери жана энергетиканы өнүктүрүү боюнча пландарын айтып берет.

Бир жыл мурун президенттин кызматтан кетүүсүн талап кылып, Бириккен оппозициялык фронтту түзгөн Феликс Куловдун бүгүн президенттин алдына келишине эмне себеп болду?

Ал саясаттын келечексиздигинен түңүлүп, “эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкөнү” артык көрүп президенттин короосуна келдиби? Же башка максаттар барбы? Бул суроого саясат таанучу Нур Омаров мындай жооп берди:

-Бул жерде Кулов өзүн бир жагынан экономиканын өнүгүшүнө, социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө кызыкдар, конструктивдүү саясатчы катары көрсөтүүгө аракеттенүүдө. Экинчи жактан, бул кадамды оппозициялык ишмердүүлүктөн четтеп, кайсы бир деңгээлде президенттин тарабына өтүү катары бааласак болот. Президент өзү да Феликс Куловду жөн эле кабыл алган жок да. Ал кабыл алууда энергетика жөнүндө гана сөз болбосо керек. Президент азыркы кезде башкарыла турган оппозициянын бир канатын түзүүгө кызыкдар болуп турат. Андай оппозициянын лидери ролуна Кулов ылайык келип турат. Анын үстүнө акыркы мезгилде оппозициялык “Асаба”, “Эркиндик” партияларынын лидерлери алмашып, мына эми “Ар намыс” партиясы да “Ак жол” партиясынын өнөктөшү болгону турат.

Бул Феликс Куловдун саясий багыттагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу пикир болду. Ал эми президент менен сүйлөшүүдө Феликс Кулов мойнуна алып жаткан чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүүнүн келечеги кандай? Азыркы кезде мындай багыттагы энергетикалык ишканалар өлкөдөгү өндүрүлгөн энергетиканын 0.17% гана берет.



Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин статс- катчысы Батыркул Баетов чакан жана орто энергетканын потенциалы тууралуу буларды билдирди:

-Бирок анын потенциалы абдан чоң. Бизде 172 чакан дарыялар бар. Ошолордун потенциалын адистер санаганда жылына 80 миллиард килловат саатка чейин электр энергиясын өндүрүүгө боло турганы аныкталган. Бирок анын ичинен 5-6 миллиард килловат сааты реалдуу турдө техникалык жактан өзүн-өзү актайт. Бул дагы абдан чоң сан. Бүгүнкү чыгарылып жаткан электр энергиянын жарымына жакын. Азыр мына бул дикрекция түзүлүп калса, биздин министрлик алар менен кошо ушул маселени колго алат деп отурабыз.

Батыркул Баетов айтымында, бул тармакка ушул кезге чейин инвестициянын салынбай келиши тарифтердин төмөндүгүнө байланыштуу.

Кыргыз-казак чегарасы, коопсуздук кеңешинин катчыларынын жолугушуусу

Өтүп бараткан жумада Тажикстандын Исфара шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын коопсуздук кеңешинин катчылары баш болгон күч министрлери жолугушуп, чектеш аймактардагы абал, ал жерлердеги кырдаалды жөнгөрүү жана чатактардын алдын алуу маселесин талкуулашты. Белгилүү болгондой март айынын аягында Баткен районунда кыргыз жана тажик атуулдарынын ортосунда курч окуя болгон.



Мына ошол жолугушууга байланыштуу Кыргызстан коопсуздук кеңешинин катчысы Токон Мамытовго бир катар суроолор менен кайрылган элек:

“Азаттык”: -Жакында эле Исфара шаарында Кыргызстан менен Тажистандын коопсуздук кеңешинин катчылары жолугушту. Анда эмне маселе талкууланып, кандай жыйынтыкка келдиңиздер?

Токон Мамытов: -Биринчиден, 2007-жылы сентябрь айында Тажик Республикасынын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келип, биздин президентибиз Бакиев Курманбек Салиевич менен жолугушпадыбы беле. Ошол жолугушуунун негизинде биргелешкен билдирүү кабыл алынган. Ошол билдирүүдө чегара маселеси, эки өлкөнүн, эки элдин ортосунда мамиле жөнүндө да сөз болгон.

Анан ошонун уландысы катары кечээ жакында коопсуздук кеңештин катчылары жетектеген Кыргызстан менен Тажикстандын делегациясынын жолугушуулары болду. Ал жолугушууда эң биринчиден эки тарап тең кыргыз-тажик чегарасында тынчтык болсо, бейкуттук болсо деген багытта сүйлөшүү болду. Анын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду. Ага жараша, биринчиден, кыргыз-тажик чегара кызматтары кайгуулга, күзөткө биргелешип чыгышат.

Мындан сырткары райондук деңгээлде биргелешкен жумуш тобу түзүлдү. Ошондой эле топ облустук деңгээлде да түзүлдү. Мындайча айтканда аларды штаб деп койсок да болот. Буларды райондук деңгээлде акимдер, облустук деңгээлде губернаторлор жетектейт. Алар эл ичинде кандай маселе чыкпасын, кандай муктаждык пайда болбосун ошол жеринде биргелешип чечиш керек.Топтор мына ошол максатта түзүлдү.

“Азаттык” :- Бул жолугушууну уюштурууга Баткен облусунда март айынын соңунда болгондой чатактардын алдын алуу, андайларга жол бербөө максаты түрткү болду окшойт?

Токон Мамытов: -Туптуура. Ошол окуя 26-мартта болбодубу. Баткен районундагы Аксай айыл өкмөтүнүн аймагындагы каналга байланыштуу Тажикстандын Исфара районунун тургундары менен болбодубу. Ошондой чатактуу кырдаал болбосун деп, ошондой кырдаалдар үчүн да жогоруда аталган жумушчу топтор түзүлдү.

“Азаттык” : -Ошондой чатактарга жол бербеш үчүн талаштуу деп эсептелген жерлер өздөштүрүлбөсүн деген чечим кабыл алыныптыр. Ал кандайча ишке ашырылат?

Токон Мамытов: -Бул жолугушууда талкууланган эң чоң маселелердин бири болду. Аны мындай деп чечтик: аны токтотуш үчүн, кыргыз-тажик чегарасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиясынын иши бүтмөйүнчө талаш-тартыштуу жерлерде эч кандай чарбачылык иштер жүргүлбөсүн деген чечим протоколго киргизилип, кол коюлду. Ал коопсуздук кеңештердин аппаратынын көзөмөлүндө болот. Мындан тышкары район акимдери жана губернаторлорго тапшырма берилди, алар дагы чегара кызматы менен түздөн-түз жооп берет.

“Азаттык” : -Жаз, жай айларында региондо террордук топтордун чабуулу жанданып калат. Мына ошолорго жол бербеш маселесин да эки тарап талкууладыбы?

Токон Мамытов: -Тажикстандагы жыйынга Кыргызстандын коопсуздук кызматынын төрагасы Мурат Суталинов, ошондой эле тажик коопсуздук кызматынын башчысы катышты. Алардын ортосунда сүйлөшүүлөр болду. Алар террорчулук, уюшкан кылмыштуулук, экстремизмге, мыйзамсыз баңги заттарына каршы биргелешип күрөшүү боюнча сүйлөшүүлөр өттү.

“Азаттык” : -Маегиңизге ырахмат.



Курултай. Азык-түлүк коопсуздугу. Сөз эркиндиги

Өткөн жумада “Ак жол” партиясы эки ири иш чара өткөрдү. 29-мартта партия президент Курманбек Бакиевдин катышуусу менен курултайын өткөрүп, анда президент партиянын мүчөлөрүн парламентте жана коомчулук арасында активдүү болууга чакырды. Ага жооп кылгандай эле 30-мартта парламенттеги “Ак жол” фракциясы азык-түлүк коопсуздугу боюнча талкуу уюштуруп, ага өкмөт мүчөлөрү, парламенттеги башка фракциялардын депутаттары да катышты.

Талкуунун жыйынтыгында суулуу жерлерди башка максатта пайдаланууга жол бербөө, азык-түлүк боюнча вице-премьер-министр кызматын киргизүү, Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигин айыл чарба жана азык-түлүк министрлиги деп түзүү өкмөткө сунушталды. Бирок мындай ат алмаштыруулардан алардын маани-маңыз канчалык өзгөрөт белгисиз.

Бирок талкууда премьер-министр Игорь Чудиновдун билдирүүсүнө караганда, Кыргызстанда данга баа өсүүнүн жолунда болот. Бул өзгөчө жай айларында күч алышы ыктымал:

-Жай айларында кырдаалдын курчушун күтүүгө болот. Ага дан жетишпейт деген айгай салуулар кошул-ташыл болушу ыктымал. Бирок бүгүнкү күндө дан боюнча кырдаал көзөмөлдө жана өкмөт суроо-талапты канааттандырууга даяр турат.

Өкмөт азык-түлүк коопсуздугун мыйзам аркылуу камсыздоого аракеттенүүдө. Бул үчүн “Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндөгү” мыйзам парламентке жолдонду. Мыйзамда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодогу бийлик органдарынын жоопкерчилиги, азык-түлүк базарында иштеген фирмаларга антимонополдук чараларды көрүү мүмкүнчүлүктөрү каралган.

Өкмөт быйылкы жылы жергиликтүү дыйкандардан мамлекеттик материалдык резервге 30 миң тонна буудай сатып алууга даярданууда. Бул үчүн бюджеттен 320 миллион сом бөлүнөт. Талкууда айкын болгондой Кыргызстан дээрлик 60 жылдан бери Казакстандан жылына ондогон миллион долларга дан сатып алат.

Депутаттар бул акча жергиликтүү дыйкандарга багытталыш керектигин билдирди. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Арстанбек Ногоев быйылкы жылы жергиликтүү дыйкандардан дан сатып алууга 320 миллион сомдун бөлүнүшү алгачкы кадамдар экенин белгиледи:

-Биз Казакстандан 400 миң тоннаны 250 доллардан алганда 100 миллион доллар Казакстанга кетти. Муну менен биз Казакстандын дыйкандарын колдоп бердик. Өзүбүздөн алсак өзүбүздүн дыйкандарды колдомокпуз. Мына ушуга биз программа даярдадык. Аны ишке киргизүүгө даярбыз. Ал үчүн жылына бер жагы 3.5-4 миллиард сом керек. Ал акчага биз өзүбүздүн дыйкандардан буудай сатып алып, аларды дан эгүүгө кызыкдар кылат элек.



“Ак жол” партиясы курултайын өткөрүп, өзү түзгөн өкмөттөн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча жүргүзүлгөн иштерди сурап жаткан убакта океандын ары жагында жайгашкан “Фридом хаус” уюму Кыргызстанды сөз эркиндиги жок өлкөлөрдүн катарына кошкону маалымдалды.

Албетте, бийлик өкүлдөрү буга таңдануусун билдирип, “Фридом хаус” кайсы маалыматтардын негизинде мындай бүтүм чыгарып жатканы түшүнүксүз экенин ачыктады. Бирок жергиликтүү укук коргоочулар “Фридом хаустун” баасы туура экенин билдирүүдө. Маселен, “Кылым шамы” уюмунун лидери Азиза Абдырасулова:

-Бир эле сөз эркиндиги эмес, адам укуктарын сактоо жаатында көп жактан Кыргызстан артка кетти. Тынч жыйындар боюнча да артка кетти. Мыйзамдардын аткарылышы, соттордун көз карандысыздыгы боюнча, сөз эркиндиги боюнча, шайлоо боюнча артка кетти. Кыргызстандын тарыхында шайлоонун жыйынтыгын жарыялабай коюу болгон эмес, канчалык фальсификация болсо дагы. Бир гана сөз эркиндиги эмес, бардык көрүнүштөр, багыттар, тармактар боюнча Кыргызстан артка кетти.

Кыргызстандагы сөз эркиндигине журналист Алишер Саиповдун өткөн жылы Ошто атып өлтүрүлүшү өзүнүн терс таасирин тийгизгени айтылып келет. Аны өлтүргөндөр ушул кезге чейин кармала элек. Ишемби күнү эл аралык басма сөз күнүнө карата Ошто журналисттерге Алишер Саипов атындагы сыйлык тапшырылды.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG