Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:48

Мамлекеттик маалымдоо каражаттарынын жеке колго өтүшү эмнеликтен токтолуп калды? Коомдук телекөрсөтүү демилгеси кантип унутта калтырылды? Сөз эркиндигине --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/05/FE7A9FCE-8BFE-4AE1-81B6-1DDDD6D06CCC.asp байланышкан ушул жана башка темалардын тегергинде “Бетме-бет” түрмөгүнүн катышуучулары “Кыргыз туусу” гезитинин башкы редактору Жедигер Саалаев менен “Агым” гезитинин жооптуу кызматкери Аскер Сакыбаева ой бөлүшөт. Талкууну Бекташ Шамшиев уюштурду.

Бекташ Шамшиев: - Бүгүн биз сөз эркиндиги тууралуу кеп кылсакпы деп турабыз. Жедигер мырза, Кыргызстан сөз эркиндиги жагынан жанындагы коңшуларпынан анча деле айрымаланбай калганын, бул жаатта проблемалар толтура экенин эларалык “Фридом Хаус” уюму белгиледи. Мындай пикирлер башка уюмдар тарабынан да айтылууда. Сиздин оюңузча, Кыргызстанда сөз эркиндиги 2005-жылдан кийин жакшы жагынан оңолдубу же болбосо чын эле проблемалар көппү?

Жедигер Саалаев: - 2005-жылга чейин Кыргызстан “демократия аралчасы” катары Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинде сөз эркиндиги сакталган өлкө катары таанылып келген. Сиз айтып жаткан “Фридом Хаус” жана башка уюмдардын кандай кишилерден эмнелерди сураганы өздөрүнүн иши. Менимче, бул алардын жеке пикири.

Сөз эркиндиги Кыргызстанда кадимкидей эле күчүндө. Анткени Конституциябыздан баштап мыйзамдык негиздер да бар. Кыргызстанда башка өлкөлөргө үлгү боло турган эң жакшы мыйзамдык база бар. Сөз эркиндиги деген маселени комплекстүү караш керек. Анын үч аспектиси бар. Социалдык – чыгармачылык аспектиси, укуктук жагы, экономикалык тарабы.

Эркиндик жоопкер болушу керек. Мыйзам чегинде мындай эркиндикке биз азыр келдик деп ойлоп жатам. Мурунку 2005-жылга караганда биздин журналисттер жоопкерчилик жагынан бир тепкичке көтөрүлдү. Эл да көнүп калды. Басма сөз менен адамдардын соттошуусунун көбөйүп баратканы ушунданбы деп ойлойм.



Бекташ Шамшиев: - Аскер, сиздин оюңузча Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы кандай? Анан ушуга улай дагы бир суроо. Мына жакында парламентте телерадиоберүүлөр жөнүндө атайын мыйзам биринчи окуудан өттү. Эми анын экинчи окуусу бар. Сиз сөз эркиндигинин абалын кандай деп баалайсыз?

Аскер Сакыбаева: - Басма сөз жаатында кандайдыр бир деңгээлде 2005-жылкыга чейинкидей эле сөз эркиндиги бар.

Ал эми телерадио жагынан алсак, бизде, Кыргызстанда кол менен санай турган телекомпаниялар бар. Алардын 90% деле Чүй боору менен Бишкекти эле камтыйт. Бир гана улуттук телеканал бүт республика аймагына жетет. Бул жагынан алганда бизде телекомпанияларда сөз эркиндиги кысылып, бардыгы бир багытта болуп калгандыгын акыркы кезде баарыбыз эле байкап жатабыз.

Мурда болсо “Пирамида”, “НТС” телеканалдары эркинирээк, башкача көз карашты билдирчү эле. Азыр ошолордун баары бир багытты көздөй бурулуп калгандыгынан жанагы “Фридом Хаустун” сөз эркиндиги Кыргызстанда азайып калды деген баасы ушундан чыкса керек. Бул электрондук маалымдоо каражаттарына көбүрөөк тиешелүү.

Бекташ Шамшиев: - Жедигер мырза, 2005-жылдан кийин маалымдоо каражаттарын реформалоо, атап айтканда, өкмөттүн колундагы гезиттерди акциялаштыруу, ошондой эле коомдук телекөрсөтүүнү түзүү жөнүндө абдан көп сөз болду эле. Бирок ал кийинки кездери токтолуп калды. Сиздин оюңузча, мунун негизги себеби эмнеде? Өкмөттүк гезиттердин өз алдынчалыкка өтүүгө көңүлсүнбөй жатышы көбүнчө каржылык маселеге байланыштуубу?

Жедигер Саалаев: - Ушундай жаңылыш көз караштар болуп жүрөт. Чындыгында биз өкмөттүк деп аталганыбыз менен өкмөттөн бир тыйын албайбыз. Биз бардык укуктук жактар сыяктуу эле чарбалык эсепте турган чарбакер субъект деп эсептелебиз. Болгону биз министрдин иш башкармасына караштуу имаратты ижарага алып турабыз.

Акционерлештирүү тууралуу президенттин белгилүү жарлыгы чыккандан кийин ага тиешеси бар “Кыргыз туусу”, “Слово Кыргызстана” жана облустук гезиттердин редакторлору чогулуп, президенттик акимчиликтин басма сөз катчысынын катышуусунда 2007-жылы өзүнчө бир кеңири кеңешме өткөрүлгөн. Анда саясий кырдаалга байланыштуу жарлыктын ишке ашырылышын токтотуп туруу жөнүндө өтүнүч жолдонгон. Ал гезиттерге жарыяланган.

Мына андан бери эки жарым жыл өтүп баратат. Бирок бул иш күн тартибинен алына элек. Ошол акционерлештирилчү ишканалар тизмесине биздин гезит да киргизилип бекитилген. Менимче, бул иш кайра козголуп, дагы коюлат болуш керек.

Жеке көз карашымда бул туура мамиле. Анткени биз укуктук баа бере турган болсок биздин гезит мамлекеттик ишкана статусунда. Эгер акционерлештирилсек, мамлекеттин негизги идеологиялык саясатын жүргүзө турган курал катары анын көзөмөл акциясы мамлекет колунда калып, калганын эмгек жамаатына берсе биз мамлекеттиик ишкана катары эмес, жөнөкөй укуктук жак болуп башка жактан инвестиция тартып чарбалык иштерди жүргүзүүгө биртоп мүмкүндүк алмакпыз.

Келечекте ушундай чечилет го деп ойлоп жатам. Азыр биз арабөк абалдабыз. Жеке менчик гезиттердей эле салык жагынан эч кандай жеңилдикке ээ эмеспиз. Каржы жагынан деле ошондой. Кээ бирөөлөр ошентип ойлошот экен. Биз бардыгы менен бирдей жашап жатабыз.



Бекташ Шамшиев: - Аскер айым, мына кийинки кездери таасирдүү басылмалардын баары белгилүү бир колго топтолуп, сөз эркиндиги ошол белгилүү топтун, саясий күчтүн кызыкчылыгына иштеп калды деген пикрлер айтылууда. Ушундай пикирдин чындыгы барбы?

Аскер Сакыбаева: - Жөн жерден айтылбайт. Албетте, чындыгы бар. Ушундай болуп жатканын биз деле көрүп-сезип турабыз. Мындай иш-аракеттер, таасирдүү маалымдоо каражаттарын бир колго топтоо 2005-жылга чейин эле жасалган. Бирок тилекке каршы, ал аракеттер ишке ашкан эмес.

2005-жылдан бери бул аракет ишке ийгиликтүү ашырылып келатат. Биз баарыбыз эле мурда Медиахолдинг түзүлөт экен деп укканбыз. Азыр анын кандай түзүлүп эмне болору - сөлөкөтү көрүнүп калды. Ага телерадиокомпаниялар, үч-төрт тилдүү гезиттер кирери белгилүү болуп калды. Анын кандай болору так, даана билине элек. Бирок ал топтолуп атканын баарыбыз эле көрүп турабыз.

Бекташ Шамшиев: - Жедигер мырза, ушул эле суроону сизге дагы бергим келип турат. Кыргызстанда маалымдоо каражаттарынын бир колго топтолушу бул сөз эркиндигинин кенен жайылышына тоскоолдук болбойбу? Сиздин оюңузча, бул басма сөз жаатындагы белгилүү бир саясатты жүргүзүүгө, өзүнчө бир маалымат саясатын жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзөбү?

Жедигер Саалаев: – Сурооңуздун экинчи бөлүгүнө кошулам. Анткени холдинг түзүү, дегеле медиа эмес ар кандай тармакта бул башкаруу ыкмасынын дагы бир методу, формасы болуп саналат. Медиа холдинг түзүү чынын айтканда, ушул тармакта бир беткей саясат жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бере турган жакшы жактары бар. Бирок ага кире турган жалпыга маалымдоо каражаттарынын позициясы ар кимиси ар бөлөк. Ал башка кеп.



Бекташ Шамшиев: - Кыргызстандагы сөз эркиндигинин азыркы абалын көпчүлүк элдин туура жана калыс, так маалымат алышына жетишүү үчүн, Аскер айым, сиздин оюнузча эмнелер жетишпейт? Азыркы журналистикага, азыркы маалымдоо каражаттарына эмне жетишпейт?

Аскер Сакыбаева: - Журналисттерде мурдагы кездегидей, мисалы айталы, 2005-жылдагыдай катуу, күчтүү, бир чоң проблеманын аркасынан түшүп изилдеп жазуу жок калды. Кыргыз тилдүү басма сөзү, дегеле журналисттик изилдөө дегенден, бир чоң проблеманын күңгөй-тескейин, аягына чейин изилдеп ачып бергенден башынан эле аксап келет.

Бул нерсе кандайдыр бир деңгээлде орус тилдүү басма сөздөрдө бар болчу. Кыргыз тилдүү гезиттер жалпы чоң коомдук резонанс жарата турган нерселерди изилдеп, аягына жетип чыкпай атабыз. Азыр көрүп атабыз, бийлик мурдагы эле 2005-жылга чейинки саясатты улантып келатат. Азыр мисал үчүн саясат, экономика чөйрөсүн алсак көп деле өзгөрүү жок. Балким начар жагына өзгөрүү бардыр.

Бирок ошол нерселерди мурдагыдай ачып, коомчулуктун көңүлүн абдан кызыткан катуу аракеттер байкалбайт журналисттер жагынан. Ошон үчүн азыр басма сөздө эч бир проблеманы көргөн жокмун, бардыгы жайма-жай, айтчусу айтып атат, жазчуусу жазып атат, эч ким кой деген жок, жай чарба сыяктуу эле жүрүп атат. Кандайдыр бир жактан коркунуч келе турган нерсени жасаган жокпуз. Ошон үчүн бийлик эч качан бизге коркунуч алып келе албайт. Анткени журналисттер коркунучту жарата турган иш аракеттерди же ошондой макалаларды жазган жок.

Бекташ Шамшиев: - Жедигер мырза, сиздин оюнузча, азыркы журналистиканын негизги талылуу маселеси профессионалдык камылгадан тышкары дагы журналисттердин курч теманы, курч маселени көтөрбөй жатканына байланыштуубу же болбосо журналисттердин кесиптик камылгасында кыйла өксүктөр барбы? Сиздин оюңуз кандай?

Жедигер Саалаев: – Бүгүнкү биздин кыргыз журналистикасын карасак бир нече өксүктөр бар. Биринчиси, бул кесипкөйлүктүн жетишсиздиги. Азыркы журналисттер репортер болуп кетишкен, окуяны гана чагылдырышат, аналитиктер жетишпей атат. Белгилүү бир багыттарда атайын билимдер жетишпейт. Анан аны кагаз жүзүнө түшүрүүдө ар кимдин сабатынан көрүнүп турат.

Экинчиден, кадрларды даярдоо маселесине барып такалат. Жанагы өксүктөргө биздин профессионал кесипкөй деген такшалган журналисттерибиз дагы көп учурда жураналисттик этиканы, моралдык нормаларды сактабайт. Кээде терс каарман деп эсептеген кишисине өтө эле одоно жарлыктарды тагып, кара көө менен ашыкча сыйпап салган учурлар өтө көп. Моралдык жоопкерчиликти аз сезип атышат журналисттер. Ошон үчүн сот процесстерине кээде өзүбүз шарт түзүп берип атабыз.

Үчүнчүдөн, укуктук нигилизм, өзүбүздүн укуктарыбызды билбейбиз, милдеттерибизди дагы сактабайбыз. Бизде маалыматтын технологиялары аябай көбөйдү. Ошондо дагы журналисттердин кээ бири азыркы жаңы технологиялар менен иштөөдөн артта калып атат.



Бекташ Шамшиев: - Аскер айым, кийинки кездери кыргыз басмасында оппозициялык боштук пайда болуп калды, оппозициялык басылмалардын курчтугу жок болуп кетти, оппозициянын мурдагыдай батылдыгы жок болуп кетти, оппозициялык басылмалар бирден-экиден гана саналып калды, оппозициялык басылмалардын боштугу пайда болду деген пикир көп айтылып атат?

Аскер Сакыбаева: - Биз башынан эле эркиндик башталгандан бери арыктын эки жээги болсо, башка жээгине өтүп алып эле, элден башкача айтып, сөз менен ойноп, сөз менен адамды сындырганга, же көкөлөткөнгө аябай көнүп кеткенбиз. Ошондон улам басма сөздө эки араан болуп бөлүнүп калган.

Азыркы кезде оппозициялык үн жок деп айтылып атканга жооп. Оппозициялык гезиттер бар азыр деле. Кандай деңгээлде чыгара ала турган болсо, ошол деңгээлде гезит чыгарып атат. Бирок мурунку кездегидей, мисалы элдин баары эле танбайт болуш керек, “Асаба” гезитиндегидей оппозициялык деңгээл жок.

Мисалы, бийлик каражаттары айтпаган маалыматтарды маалымат түрүндө эле берип, аны изилдеп, аркасынан түшүп, анализ жасап, диагнозун коюп, бийликтин эмнеден аксап атканын, эмне мүчүлүштүктөр кетип атканын, кемчилигин көзгө чукугандай айтып турчу эле. Азыркы оппозициялык гезиттерде ошолор жетишпейт. Оппозициялык гезиттерди чыгарып аткан журналисттердин Жедигер агай айтмакчы кесипкөйлүк дараметине байланыштуу болуп атат.

Бекташ Шамшиев: - Жедигер мырза, ушул эле суроону сизден дагы сурагым келип турат. Сиздин пикириңиз кандай?

Жедигер Саалаев: – Аскерге кошулам. Анткени азыркы оппозициялык деп аталган гезиттерди карасаңыз, чындыгында гезитти колго алган жөнөкөй катардагы окурмандын биринчи реакциясы эмнеге, а баягы ушакты жазган турбайбы дейт. Бири-бирине коендой окшош сөз оюндары менен калемпир, мурчтап, бирөөлөрдү туздаганга аракет кылышат, артында аргументтештирүү, анализ жүргүзүү, кандайдыр бир комментарий берүү жок. Жөн гана кыргызча айтканда тийишип коймой.

Ошон үчүн көп оппозициялык гезиттер дагы окурмандарын жоготуп алып атышат. Журналисттердин негизги куралы бул факт, аргумент болуш керек. Ошону менен иштегенге үйрөнсөк. Анан кичине иликтеп, кесиптик даярдыгыбызды ар дайым курчутуп, дайыма окуянын чордонунда болуу аздык кылат. Ошого тиешелүү кайсы тармакты жазса, ошондон кичине окуп билим алып алып анан жазса биздин журналисттер жакшы болот эле.

Бекташ Шамшиев: - Маегиңиздерге чоң ырахмат!
XS
SM
MD
LG