Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:00

13:55 Ж.Каниметов: “Конституцияны кайра-кайра өзгөртүү бизге аброй алып келген жок”


Жогорку Кеңештин депутаты, “Ак жол” партиясынын мүчөсү Жангороз Каниметов ноябрь жана декабрда кабыл алынган Башмыйзамдар туура эмес болгон деген пикирин бүгүн “Азаттыктын” кабарчысына билдирди. “Экинчи жагынан алганда өткөөл мезгилде саясат дагы, багыт дагы өзгөрүп турат экен”, - деди Ж.Каниметов. Анын айтымында, Жогорку Кеңешке партиялык тизме менен депутаттардын шайланышы туура чечим болгон. “Буга чейин ар бир округдан депутаттарды шайлоо менен кыргыздар уруу-урууга бөлүнүп, улуттун бүтүндүгүнө коркунуч жаралган”, - деп кошумчалайт Ж.Каниметов. (ZMa)

XS
SM
MD
LG