Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:18

Зейнеп Мартбек кызы, Бишкек Бүгүн Олимпиада шамынын Бээжинге карай жыйынтыктоочу сапары башталды. 8-августта Бээжинде Жайкы Олимпиада --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/04/3124104A-D411-40E0-8615-C91A71DCCF64.asp оюндарынын ачылышы болот. Олимпиада отунун Кытайдын континенттик бөлүгүндөгү алгачкы сапары байрактарды кармаган миңдеген адамдардын коштоосунда Кытайдын Хайнан аралынын түштүгүндөгү Санья (Sanya) шаарынан башталды.

Бээжинде өтө турган Олимпиаданын ырын белгилүү актер Жеки Чан аткарат. “Биз даярбыз” деп аталган ыр Бээжиндеги үн жаздыруучу студиялардын биринде үч сааттын аралыгында жазылган. Бээжин Олимпиадасынын расмий ырынын автору Питер Кам. Ал өткөн жылы Берлиндеги кинофестивалда тасма үчүн жазылган мыкты музыка үчүн “Күмүш аюу” сыйлыгынын ээси болгон, деп кабарлайт Ассошейтед Пресс маалымат агенттиги.

Эртең (дүйшөмбүдө) олимпиада оту Вужишань (Wuzhishan) шаарына келет.

Олимпиада шамы Антарктидадан башка бардык континенттерди аралап өттү. Европа, Азиянын бир катар өкөлөрүндө жана АКШда Олимпиада шаманасынын жүрүшү Кытайдын Тибетке карата саясатына каршы нааразылык акциялары менен коштолду.

Буга чейин кайсы бир спортчуга оюндарга бойкот жарыяла деген чакырык боло элек. Бирок саясий лидерлерге басым жасалууда. Батыш лидерлеринен немис канцлери Ангела Меркел Бээжинге барбай турганын билдирсе, Франциянын президенти Николя Саркози азырынча ойлонууда. Ал эми Вашингтондо Деморатиялык партиянын атынан президенттикке талапкер Барак Обама АКШнын президенти Жорж Бушту оюндардын салтанаттуу ачылышына катышпоону чакыргандарды колдоду.

Азырынча Бээжин-2008 Олимпиадасына катышуудан эч бир мамлекет толугу менен баш тарта элек. Анткен менен, Эл аралык олимпиадалык комитеттин президенти Жак Роггенин айтымында, жарым-жартылай бойкот болушу мүмкүн:

- Бойкот тууралуу сөз болуп жатат. Мамлекеттик деңгээлдеги бойкоттор болбойт го дейм. Бирок ачылыш аземине катышпай коюу сымал жартылай бойкот аракеттери орун алышы тууралуу кеп-сөздөр бар. Мен бул тууралуу эч нерсе айта албайм. Бээжинге келээр-келбесин ар бир өлкө башчысы өзү чечет. Эл аралык олимпиадалык комитет буга кийлигишпейт.

Тибеттеги тополоң анын башкалаасы Лхасада 10-мартта башталган эле. Кийинчирек коңшу Гансу, Сычуан провинцияларынын тибеттер жашаган аймактарына да жайылган.

Кытай бийликтеринин маалыматына караганда, андан 18 карапайым тургун жана бир полициячы каза тапты. Ал эми сүргүндөгү тибеттиктердин эсебинде, толкундоонун аскер күчү менен басылуусунан 100дөй адам мерт болду. Кабарларга караганда, Бээжин тополоңдон соң Тибеттеги аскерлеринин санын көбөйтүп, коңшу провинциялардын тибеттер жашаган аймактарына чет өлкөлүктөрдүн баруусуна жол берген эмес.

Расмий Бээжин тополоңдун артында тибеттикттердин сүргүндөгү руханий лидери Далай Лама турат деп айыптаган эле. Кытай бийликтеринин пикиринде, муну менен Далай Лама Бээжинде өтүүчү быйылкы Олимпиаданы үзүлтүккө учуратууга жана Тибеттин көз карандысыздыгы үчүн аракеттенген.
XS
SM
MD
LG