Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:46

Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү Түптөгү --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/CF85A8DC-C754-4D7D-A300-6618962A0448.asp окуя боюнча жеринде коомдук иликтөө жүргүзүшүүдө. Акыйкатчы Турсунбек Акун институттун иликтөөсү шейшемби 6-майда жарыяланаарын билдирди. Анткен менен акыйкатчы жүргүзүп жаткан 26-апрелдеги окуяны иликтөөсүнөн майнап чыгаарына күмөн санагандар да жок эмес.

Түптөгү окуяны иликтөө үчүн Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү Каракол шаарына барып, учурда Түпкө келишти. Акыйкатчынын орун басары Мамат Момуновдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, коомдук иликтөө сурамжылоо ирээтинде жүрүп жатат:

-Көпчүлүк жетекчилер менен жолугушуу мүмкүн болбой жатат. Көпчүлүгү кызмат орундарында жок болуп атат. Бир жактуу болбосун деп эки тараптын тең өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Аягына азырынча чыга элекпиз. Бүгүн болгону областтык ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары менен гана сүйлөштүк. Ал эми айтып жатат, милиция кызматкерлеринин иш-аракеттери мыйзамдуу болгон, алар тартипти көзөмөлдөп турган деп.

Эртең Омбудсмен институтунун өкүлдөрү Ысыккөл облусунун жетекчилиги менен жолугушат. Жергиликтүү элдин жана бийлик өкүлдөрү менен болгон сүйлөшүүлөрдүн негизинде иликтөөнүн жыйынтыгы шейшемби 6-майда даяр болоорун «Азаттыкка» акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди:

-Дүйшөмбү күнү алар Бишкекке келишет, шейшембиде бул иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялайм. Бийлик биздин билдирүүгө кулак салат ойлойм. Анткени учурда Акыйкатчы институтунун баркы көтөрүлдү, бийлик эсептеше баштады.

Каркыра жайлоосундагы жердин жана Көл жээгиндеги төрт пансионаттын казактарга берилишине каршы өткөн ишембиде (26-апрелде) жөө жүрүш болуп, бирок чагымчыл аракеттерден улам уюштуруучулар аны токтотууга мажбур болушкан. Жөө жүрүштү уюштурган «Ыйык жерди коргоо» комитети жана «Акыйкат үчүн» кыймылынын жетекчилери кутумчул аракеттерди жергиликтүү бийлик уюштурду деп эсептейт.

Жөө жүрүштү уюштургандардын бири, парламенттин мурунку депутаты Болот Шерниязов ур-токмокту чыгаргандар Ысыккөл облусунун губеранторунун бир тууган эже-сиңдилери жана шоопуру экенин “Фергана.ру” басылмасына берген интервьюсунда билдирди. Анын айтымында, бийликке жергиликтүү элди уюштуруучуларга каршы чыгаруу кыйынга тургандыктан, алар мындай аракеттерге жакын адамдарын тартууга аргасыз болгон.

Өз кезегинде бийлик өкүлдөрү оппозиция лидерлеринин чыгымчыл аракеттерди бийлик уюштурду деген айыптоолору негизсиз деп четке кагып келишүүдө. Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев да Түптө эч кандай чагымчыл аракеттер болбогонун «Азаттыкка» берген интервьюсунда билдирген эле.

Ал эми Түптө 26-апрелде оппозиция лидерлерин ур-токмокко алгандарды жоопко тартуу талабы менен «Акыйкат үчүн» кыймылы президентке жана Башкы прокуратурага кайрылганына 5 күндөй болуп калды. Бирок расмий тараптан бул боюнча эч кандай жооп боло элек.

Айрым байкоочулардын пикиринде, бул окуя сөзсүз түрдө иликтенүүгө тийиш, ал эми Акыйкатчы институту көз карандысыз орган болгондуктан алардын иликтөөсүнө ишеним көрсөтсө болот. Маселен саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев акыйкатчынын бул окуяны иликтөөгө алганын кубаттап, анын жыйынтыгына рамий бийлик сөзсүз түрдө кулак төшөйт деп эсептейт:

-Бул жаңы акыйкатчынын биринчи кадамы да. Ошону үчүн бул окуяга бурмаланган, туура эмес жыйынтык берилет дегенден мен алысмын. Мен ойлойм, алар иликтөөсүн калыс жүргүзөт деп.

Анткен менен «Ыйык жерди коргоо» комитетинин төрагасы Мукар Чолпонбаев акыйкатчы коомдук иликтөөсүн эки тараптын - бийлик менен оппозиция өкүлдөрүнүн катышуусу менен жүргүзүшү керек эле деп эсептейт:

-Акыйкатчы өзүнүн адамдарын 2-майда эле Түпкө жибергенин мен да уккам. Мага Түптөн балдар чалып бул мекемеден эч кимди көргөн жокпуз деп билдиршти. Алар ким менен жолугуп жүргөндөрү бизге белгисиз. Эгерде акыйкатчы чынында эле адилет карай турган болсо, бийлик менен оппозиция өкүлдөрүн катыштырып, ошол жерден карай турган жөнү бар эле. Ал эми бир тараптуу карай турган болсо анда алардын акыйкат иштеп берээрине күмөнүбүз бар ачык эле.
XS
SM
MD
LG