АКШ армиясы кабарлагандай, америкалык аскерлер батыштагы Анвар шаарында бомба жарылганда сөөгү сөпөт болду. Ал эми Грузиянын Коргоо министрлигине ылайык, эки грузин аскери жума күнү Багдаддын жанындагы шаарчада машинасы жардырылганда курман болушту. Бул кырсыкта дагы бир грузин аскери жараат алды. Буга чейин Багдадда америкалык аскерлер менен шийи куралчандарынын ортосундагы кагылышууда кеминде 10 киши окко учканы кабарланган.