Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:50

5-МАЙ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1993-жылы 5-Майда Жогорку Кеңештин он экинчи сессиясында Кыргызстандын Конституциясы кабыл алынган. 1930-жылдын бул күнү айтылуу окумуштуу жана ойлоп тапкыч академик Арстанбек Алтымышбаев жарык дүйнөгө келген.

Кыргызстан Республикасынын Конституциясы 1993-жылдын 5-май күнү өткөн Жогорку Кеңештин он экинчи сессиясында кабыл алынган. Консититуция долбоорун даярдоого кыргызстандык жана эл аралык эксперттер тартылып, адистердин айтымында, Башкы мыйзам дүйнөлүк талаптарга, демократиялык принциптерге толук жооп берген.

1918-жылдын 5-майында Верный, азыркы Алматы шаарында «Новая эра» аталган коммуна уюшулган. Кийин эмгекчилердин башын бириктирген мындай уюмдар Пржевальск уездинде курула баштаган.

Айтылуу окумуштуу жана ойлоп тапкыч академик Арстанбек Алтымышбаев 1930-жылдын бул күнү жарык дүйнөгө келген. Академик Алтымышбаев Кемин районунун Кара булак кыштагында көз жарып, кийин Медицина институтун бүтүргөн соң анын эмгек чыйыры фармацевтика багыты менен боолжонгон. Ал илим изилдөөчү жана ойлоп тапкыч катары Кыргызстандын экономикасына, илимге зор салым кошкон. Академик Алтымышбаевдин 20дай чамалуу ойлоп тапкандары өндүрүшкө киргизилип, анын «Арашан» бальзамы ааламга тараганы белгилүү.

5-майда таанымал окумуштуу филология илимдеринин доктору, профессор Муктар Борбугулов 78-жашка толмок. М. Борбугулов 1930-жылы Сузактын Кыз көл кыштагында жарык дүйнөгө келген. Ал өз убагында «Ала Тоо» журналы, Улуттук университет, Илим академиясында иштеп, ондогон көркөм чыгарма, монография жана илимий-популярдуу макалаларды жазууга жетишкен.

1947-жылдын 5-майында Ленинград шаарында Советтер союзунда биринчи болуп ДОСААФ ыктыярдуу коому уюшулган. Кийин мындай бирикмелер Кыргызстанда да түзүлүп, анын ишмердиги республиканын бүткүл аймагына тарап, ДОСААФ кыймылы кулач жая өскөн.

1912-жылдын 5-майында «Правда» гезитинин биринчи саны жарык көргөн. «Правда» гезити Кыргызстан аймагына да тарап, анын беттеринде республикага байланышкан материалдар жарыяланып турган. Өз маалында атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматов «Правданын» Кыргызстандагы корреспонденти болуп иштеген.

5-май Европа күнү. 1950-жылы Франциянын тышкы иштер министри Робер Шуман европалык интеграция идеясын жарыялаган жана бул себептен 5-май Евросоюз идеясынын жаралышы катары белгиленет.
XS
SM
MD
LG