Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:10

КУШБАК ТЕЗЕКБАЕВ БЕШ ЖЫЛГА ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ


Ош облус губернаторунун мурунку биринчи орун басары Кушбак Тезекбаев “кызматынан кыянат пайдаланып, табигый кырсыктан жабыр тарткандарга Орусиядан келген гуманитардык жардамды максатсыз тараткан, ошондой эле милиция кызматкерин кордоп, мазактаган” деп айыпталып, Жалалабат шаардык соту тарабынан 5 жылга эркинен ажыратылды. Ушуга байланыштуу анын тарапкерлери Тезекбаевди коргоо комитетин түзүп, коомчулуктан кол чогултууга киришти. Ал эми бийлик өкүлдөрү cоттун чечими талкулоого жатпайт, деген турумда.

Ош облус губернаторунун мурунку биринчи орун басары Кушбак Тезекбаевди коргоо комитетинин башчысы Төлөн Дыйканбаев жалгыз аткаминер ири өлчөмдөгү гуманитардык жардамды сугунушу кыйындыгын билдирди. Жактоочусу жогорку кызматтагы адамдар чөйрөсүнүн курмандыгына чалынды деп эсептейт. Болбосо, калыстык үчүн ошол окуяга тиешеси бар бардык кишилерди бирдей жоопко тартуу зарылдыгын белгилейт.

-Мүмкүн Тезекбаев бирөөлөргө жакпай калгандыр. Орун басары кетет да, губернатор калып калышы керек. Балким ошол коюп жатканда мүмкүн кандайдыр бир эсептешүү болгондур. Акаевдин куйругу болуп жүргөн Жантөрө Сатыбалдиев жана башкаларды азыр деле бийликтегилердин көбү Акаевдин системасынын адамдары болгондуктан аны атайын жасашты. Болбосо губернатор, премьер-министрди да жоопко тартыш керек.

2005-жылдын мартындагы ыңкылапта Оштогу штабды жетектеген Мырзабек Акматов Тезекбаев боюнча оюн мындайча билдирди:

-Чындыгында ошол гумжардамдан кесе турган болсо, анда комиссиялардын баарын алыш керек эле да. Губернатор эмне иш кылып жүрөт? Анын баарын текшербейт. Менин бир эле оюм ал өзүнүн сабатсыздыгынан эле кетип калды. Экинчиден, ал жигит курч жана эки жакты байкабай сүйлөп алмай жагы бар эле. Ошол жагынан көп кишилерди өчөштүрүп алды окшойт.

Түштүктөгү Коомдук кыймылдын лидери Абдыкайым Кангелдиевдин пикирине караганда, Тезекбаевдин камалышынан трагедия жасаштын кажети жок. Ал туура эле жазаланды:

- Биз учурунда эле айтканбыз. Кушбак Тезекбаев өзүнүн жогорку деңгээлдеги кызмат ордунда туруп алып өзүнүн эң сабатсыздыгын, билимсиздигин, эң орой экендигин, эл менен иштеше албастыгын, өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн башка нерселердин баарын садага чаап жиберээрин далилдеп келген. Биз айтып келгенбиз, албетте ыңкылаптан кийин эле ыңкылап жасаган кишилерге биринчи ставка коюлгандыгы чындык. Кушбак Тезекбаевден башка облустук деңгээлде жетекчилер накта патриоттор иштегенде облустун жашоо турмушу, социалдык абалы, жумушсуздукка каршы күрөшүү, коррупцияга каршы күрөшүү сыяктуу бир топ жумуштар аткарылып калмак деп ойлойм.

Ош облус прокурору Жолдошбай Сулайманов Тезекбаевдин 5 жылга күчөтүлгөн режимге кесилип, 1 миллион жазага салынып, үй-мүлкү конфискацияланаарын комментарийлөөдөн баш тартты.

- Бул соттун тыянагы болгондуктан аз же көп деп айтыш мага туура келбейт, - деп жооп кайтарды Жолдошбай Сулайманов.

XS
SM
MD
LG