Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

Хамид Карзайга кол салууга катышкандар камакка алынды


Ооганстандын жогорку даражадагы бийлик өкүлдөрү маалымдагандай, президент Хамид Карзайды өлтүрүү үчүн уюшулган кутумдун эки катышуучусу камалды. Алар – мамлекеттик кызматкерлер болуп чыкты. Ооганстандын коргоо министринын ырасташынча, камалгандардын бири – полициянын кенже медицина кызматчысы, ал эми экинчиси – коргоо министрлигинин курал боюнча эксперти. Президент Хамид Карзайга кол салуу 27-апрелде аскер парады учурунда болгон. Ооган президенти аман калган, бирок башка үч адам өлгөн. Ооган чалгындоо кызматынын жетекчиси кутумдун уюштуруучусу деп Пакистандагы Аль-Каиданы күнөөлөп келет.

XS
SM
MD
LG