Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:06

7:00 Бүгүн Кыргызстандын Конституциясынын 15 жылдыгы белгиленет


Бул майрамга арналган салтанат Токтогул атындагы мамлекеттик филармонияда болот. Ага президент Курманбек Бакиев катышып, сөз сүйлөшү күтүлүүдө. Ошондой эле салтанатка эгемен Кыргызстандын алгачкы Башмыйзамын кабыл алган Кыргыз Республикасынын 12-чакырылыштагы парламентинин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин азыркы депутаттары, Конституциялык, Жогорку Соттордун судьялары, өкмөт мүчөлөрү жана элчиликтер менен коомчулуктун өкүлдөрү чакырылган.
Кыргызстандын Конституциясы 1993-жылы 5-майда кабыл алынган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG