Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:22

АКШ Кытай-Далай Лама сүйлөшүүлөрүн кубаттоого алды


Ак үйдүн өкүлү Тони Фратто бышыктагандай, АКШ бул эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн башталышына эбактан бери үндөп келген. Тибеттин сүргүндөгү руханий жол башчысы жиберген элчилер Кытайдын Шенжең шаарында Бээжин бийликтеринин өкүлдөрү менен жолугушууда. Бул - март айында Тибетте Кытайга каршы демонстрациялар башталгандан берки алгачкы сүйлөшүү. Демонстрациялар күч менен басылгандан кийин дүйнөдө августта Бээжинде өтө турган Олимпиада оюндарын бойкоттоо чакырыктары күч алган.

XS
SM
MD
LG