Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:24

ӨЛКӨНҮН КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮ РЕФОРМАЛООНУН АЛДЫНДА


Маектешкен Айданбек Акмат уулу, Бишкек Өлкөнүн коргоо министри --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/DF556ECB-7DFD-4FB2-94FE-785D14A1AD85.asp Исмаил Исаков Астанага сапары жана Коргоо министрлигиндеги өзгөрүүлөр жөнүндө “Азаттык” үналгысына маек куруп берди.

-Исмаил мырза, Астанага бүгүн баштала турган сапарыңызда Казакстандын борборунда боло турган аскерий көргөзмөгө катышат экенсиз. Анда кандай түрдөгү курал-жарактар коюлат? Кайсы өлкөлөрдүн Куралдуу күчтөрү менен Кыргызстан ал жерде жаңы келишимдерди түзөт?

-Бүгүн биз Астанага чыгып жатабыз. Себеби Казакстандын Коргоо министрлиги тарабынан уюштурулган аскердик техникаларды, курал-жарактарды өздөрү оңдошуп, жаңы модернизация жасаган техникаларды көрсөтөт экен. Мына ошонун негизинде Орто Азия өлкөлөрүнүн коргоо министрлери катышат деп Казакстандын министри телефон аркылуу байланышып, расмий кат жөнөткөн экен. Мына ошого барып, биз дагы катышабыз.

Эми келишимдер жөнүндө айтсам. Астанада биз келишим түзбөйбүз. Бирок ошол жердеги курал-жарактарды көрүп, салыштырып, бизде дагы ошондой мүмкүнчүлүктөр барбы, мына ушуну байкайбыз. Кандай болсо дагы мунун оң жагы көп. Себеби Казакстан менен биз Жамааттык коопсуздук уюмуна киребиз. Мен ойлойм, ал жерде канчалык жакшы курал-жарактар пайда болсо, бизге дагы ошондой эле чоң таасирин тийгизип, бизде дагы пайда болот деген ишеним бар.

-Бул жерде негизги маселе курал-жарактарды модернизациялоо жөнүндө болот экен, туурабы?

-Албетте. Ошолор жасап чыгышкан экен, мына Нурсултан Назарбаев башкы кол башчы катары катышат. Биз дагы ошону барып көргөнгө мүмкүнчүлүк болот.

-Жакында эле сиздин демилгеңиз менен Куралдуу күчтөргө байланыштуу мыйзамдарга бир топ өзгөртүү жана кошумчалар киргизилди. Алардын негизинде биздин Куралдуу күчтөрдө кандай өзгөрүүлөр болот?

-Биз бүгүн жасап жаткан аракеттер биздин Куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы Курманбек Бакиевдин берген тапшырмалардын негизинде болуп жатат. Мына ушунун түбүн айтып кетсек, келечекте профессионалдуу армияны түзүү эң негизги максат. Ошол армияда иштеген кызматкерлерге, аскер кызматчысы болобу, граждандык атуулдар болобу, ошолорго абдан жакшы шарт түзүү, биздин армияны азыркы өнүккөн өлкөлөрдүн армиясынын катарына алып чыгуу.

-Кайсы жылдарга барып Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү толук контракттык негизде курала баштайт?

-Бүгүнкү күндө биз укуктук база жана материалдык база түзүшүбүз керек. Мына эки багыт менен иштеп жатабыз. Мен дайыма айтып жүрчү элем бир топ жылдардан кийин, 25 жылда деп. Бирок Куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы Курманбек Бакиев менен жакында жолукканда ал мага тапшырма берип, ошону тез аранын ичинде аткаруу жөнүндө буйрук берди. Биз азыр ошонун үстүндө иштеп жатабыз.

-Бул үчүн бизде финансылык мүмкүнчүлүктөр жетиштүүбү? Куралдуу күчтөрдү камсыз кылуу үчүн канча каражат көбөйтүлүшү керек?

-Албетте Куралдуу күчтөрдү кармоо мамлекетке өтө оор нерсе болот, көп каражат кетиши керек. Бирок бүгүнкү күндө биздин колубузда турган күч органдарын реформалап, бир калыпка алып келип, көп керексиз органдарды кыскартсак, менин оюмча өтө деле чоң каражаттар кетпейт.

Себеби бизде бүгүнкү күндө Советтер союзунан уланып келе жаткан система болуп калган. Ошонун негизинде бизде көп эле кайталана турган структуралар бар, ошолорду азайтсак, ошолордун деңгээлин мындай ылдый түшүрүп, бириктирсек менин оюмча мамлекет үчүн абдан көп каражат үнөмдөлөт эле. Мына ошолордун эсебинен жасасак биз алып чыгып кетебиз.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG