Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:47

М.ЧОЛПОНБАЕВ: БУЛ КОНСТИТУЦИЯ МЫЙЗАМ БУЗУУ ЖОЛУ МЕНЕН КАБЫЛ АЛЫНГАН


Маектешкен Айданбек Акмат уулу, Бишкек Бүгүн Кыргызстандын Конституция күнү. Өлкөнүн Баш мыйзамынын тегерегиндеги “Азаттык” үналгысынын айрым суроолоруна “Ыйык жерди коргоо” комитетинин жана “Акыйкат үчүн” кыймылынын мүчөсү, юрист Мукар Чолпонбаев --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2007/10/6010EB34-729B-44FD-BA9E-C1E7897F1B68.ASP жооп берди.

-Былтыр кабыл алынган, азыр иштеп турган Конституция менен 1993-жылы 5-майда кабыла алынган, 15 жылдыгы бүгүн белгиленип жаткан Баш мыйзамдардын негизги айырмачылыгы эмнеде?

-Негизги айырмачылыктары – бийлик бутактарынын, органдарынын ортосундагы алардын ыйгарым укуктарын бөлүштүрүүдө жатат. Эң негизгиси ушунда. Биринчи 1993-жылы кабыл алынган Конституция Франциянын варианты менен алынып, парламенттик-президенттик башкаруу формасына өтүп, күчтүү парламент түзүлгөн болчу.

Ал эми кийин акыркы жолу кабыл алынган Конституция мыйзамдарды бузуунун жолу менен кабыл алынган, бир гана адамдын кызыкчылыктарын колдогон. Мына ушуга байланыштуу Кыргызстанда тоталитардык режимди беките турган Конституция болуп калды.

-Демек азыркы Конституция реформага муктаж болсо, ал кайсы багытта реформаланышы керек?

-Бүгүнкү күндө үч бийликтин бутагы деп биз айтабыз. Бийликтин бутактарынын ортосунда тең салмактуулук болмоюнча, эч качан мамлекетте акыйкаттуулук болбойт дагы, элдин мүдөөсү толук бойдон сакталбай калууда. Ошондуктан биз ошол жакка багыт алышыбыз керек жана бийликтин үч бутагынын ортосунда тең салмактуулукту калыбына келтириш керек.

-Ушул тең салмактуулук маселеси козголгондо Украинадагы абал эске келет. Бул өлкөдө дагы президенттик жана парламенттик бийлик бутактарынын тең салмактуулугу туруктуу бир кризистик кырдаалды жаратып жатат. КМШ өлкөлөрүнүн шартында кайсы бир бийлик бутагы бийликти толук көзөмөлгө алууга аракеттенип жатканы көпчүлүк кырдаал боюнча белгилүү. Кыргызстан үчүн бийликтердин ар биринин бутагын теңдетүү тирешүүлөрдүн жандануусуна алып келбейби??

-1993-жылкы Конституцияда ошол бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулук сакталган болчу. Бирок ошол кезде Кыргызстандын президенти үч бутактын бирөөнө дагы кирбей, ошол үч бутакты тең салмактуулукта кармап, алардын тең иштешин камсыз кыла турган кызмат адамы гана болчу.

Бирок ошол кездеги президент Аскар Акаев президенттик бийликти киргизүүгө аракет кылып, Конституцияны одоно бузуп, референдум өткөрүү жолу менен өзүнүн бийлигин бекемдөөгө аракет кылган. Ошого ал жетише алган.

Эми кийинки келген президент Бакиев ошол багыттан тайган жок. Ошол эле багытта жеке адамдын бийлигин күчөтүүгө болгон аракеттерин жасап, ошол ийгиликке жетишти деп эсептейм. Ал эми Украина менен Кыргызстанды салыштырууга кээ бир тарабынан болот, ал эми кээ бир тарабынан болбой калат. Анткен себеби бүгүнкү күндө Украинада парламенттик башкарууга толук бойдон өтөбүз деген аракетти кылып жатышат. Парламенттик башкарууга өткөн кезде президент бул бийлик бутактарынын арасында арбитрдик гана милдетти аткарууга аргасыз болуп калат. Мына ошого Ющенко бүгүнкү күндө каршы болуп отурат.

-Ооба, ал бир жагынан президенттик бийликти күчөтүүгө аракет кылып жатат...

-Ооба, ал өзүнүн жеке президенттик бийлигин күчөтүүнүн аракетинде турат.

-Кыргызстан үчүн кайсы варианты ыңгайлуу деп эсептейсиз?

-Кыргызстандын миңдеген жылдардан бери жалпы элдин тарыхына көз салып келе турган болсок, эл башчылары, айыл башчылар чогулуп алып чеччү эле. Муну илгери курултай деп атаар эле. Бүгүнкү күндө курултайдын бир формасы парламент деп эсептелет.

Чындыгын айтканда чоң парламенттик бийлик керек болот. Бирок парламентте 35 же 70 депутат эмес муну көп адамдан турган чоң парламент түзүш керек дагы, ошолорду туруктуу иштей турган параментке айландырса, мына ошондо эч ким көз каранды болбой калаар эле. Легендарлуу парламенттин, 360 депутаттан турган парламенттин кандай иштегенин бардыгыбыз көрдүк. Мына ошол жерде акыйкаттуулук болуп турган болчу.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG