Мындай пикирин “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” берген маегинде билдирип, тескерисинче мамлекеттик жетекчилер, чоң-чоң кызматтагы бийлик адамдары конституцияда көрсөтүлгөн принциптерди бурмалап, баш мыйзамга карама-каршы келген иштерди жасай бере турган болуп калганын, аны жумурай журт көрүп турса деле, боло берет экен деп моюн сунуп калганын кошумчалады. “Конституция күнү - мамлекетчиликтин, мыйзамдын үстөмдүгүнүн күнү катары белгилениш керек, анткени мамлекеттин кылган иш аракети, кабыл алынган чечимдер баш мыйзамга туура келиш керек, тилекке каршы бизде андай болбой жатат” – дейт Өмүрбек Текебаев.(SM)