Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:02

11:20 Суу сактагычтар боюнча мыйзам долбоору даярдалат


Бул тууралуу ЖК төрагасы Адахан Мадумаров Токтогул районундагы иш сапардын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында билдирди. “Жакын арада суу сактагычтар боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгышыбыз зарыл, ал биринчи кезекте өлкөбүздүн жана элибиздин энергетика тармагындагы кызыкчылыгын көздөшү керек”, - деп билдирди төрага. Ал ошондой эле Токтогул суу сактагычында азыр суунун деңгээли өтө төмөндөп кеткенин, аны жөнгө салуу боюнча чукул чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи. Төрага Адахан Мадумаров баштаган депутаттык топ өткөн жуманын этегинде Токтогул ГЭСиндеги абал жана Камбарата-2 ГЭСиндеги курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып келген.(SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG