Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:55

6-МАЙ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1994-жылдын 6-май күнү Мамлекеттик Улуттук Аскер лицейи уюшулган. Кыргызстанга иш сапары менен келген Түркиянын тышкы иштер министри Абдуллах Гүл 2005-жылдын 6-майында өлкө жетекчилиги менен жолугушту.

Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитет Бюросу 1961-жылдын 6-майында экинчи күнкү жыйынына чогулду. Партиялык жыйында республиканын элдик чарбасынын абалы жана Борбордук комитет Бюросунун ишкердиги талкууланды.

Республикалык партия жыйынына катышкан КПСС Борбордук комитетинин секретары В. Н. Титов Кыргызстандагы кырдаал КПСС Борбордук комитетин мурдатан тынчсыздандырып келгенине токтолду. Анын айтымында, Кыргызстан жетекчилиги чарба маселесинде, партиялык уюштуруу жана идеологиялык багытта, кадрларды даярдоо ишинде өксүктүктөрдү жоюш үчүн чара көрбөй калган.

Эки күндүк талкуудан кийин Кыргызстан Коммунисттик партиясынын биринчи секретары Исхак Раззаков менен Министрлер кеңешинин төрагасы Казы Дыйкамбаевдер ишинде кетирген кемчиликтери үчүн кызматынан алынды.

Кыргызстан президенти Аскар Акаев 1994-жылдын 6-май күнү Мамлекеттик Улуттук Аскер лицейин уюштуруу туурасында Жардык чыгарды. Жаңы окуу жайы мурдагы Республикалык орус тилин терең үйрөнө турган аскердик-физикалык даярдык мектеп-интернатынын базасында курулган. Андан мурда окуу жай Бишкектеги «Суворов» атындагы училище деп аталып келген.

Кыргызстанга иш сапары менен келген Түркиянын тышкы иштер министри Абдуллах Гүл 2005-жылдын 6-майында Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу премьер-министр Курманбек Бакиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев менен жолугушту. Тараптар Кыргызстан менен Түркия ортосундагы көп кырдуу кызматташууну өнүктүрүү тегерегинде пикир алышты. Абдуллах Гүл «10-июлда өтө турган президентик шайлоо Кыргызстан үчүн айрыкча маанилүү жана ал дүйнөлүк коомчулук үчүн көрсөтүлө турган сынак. Ошондуктан бул сынакты ийигиликтүү өткөрүш керек», - деген оюн билдирди.

Валентин Распутиндин «Жаша жана эсте» аттуу драмасынын негизинде коюлган спектаклдын бет ачаары 2005-жылдын 6-май күнү Бишкектеги Мамлекеттик академиялык орус драма театрында коюлду. Спектаклды айтылуу россиялык режиссер, «Алтын маска» улуттук театралдык премиянын лауреаты Алексей Песегов даярдаган. Режиссердун айтымында, спектакль Улуу Ата Мекендик согуштун 60 жылдык жеңишине утурлай коюлуп, ал Улуу жеңишке катышы бар адамдарга, согуш ветерандарына арналган.
XS
SM
MD
LG