Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:51

А.АКБАРОВ ТҮРКИЯДА ӨТЧҮ АКЫНДАРДЫН ФЕСТИВАЛЫНА КАТЫШАТ


Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, акын Атантай Акбаров Түркиянын Кония шаарына Махмуд Кашгаринин урматына өткөрүлүп жаткан түрк тилдүү акындардын эл аралык фестивалына катышканы баратат. Фестивал тууралуу акын Атантай Акбаров кабарчыбыз Фатима Абдаловага маек куруп берген.

-Атантай мырза, чыгармачылык сапар менен Түркияга жөнөп жатканыңызды эшитип калдык...

-Ооба, Түркияда Махмуд Кашгаринин миң жылдыгынын урматына көркөм өнөр тармактары боюнча фестивалдар өтүп жаткан экен. Поэзия фестивалы болсо, Махмуд Кашгаринин миң жылдыгын даңазалоо менен бирге, түрк тилдүү акындарды бири-бирине таанытуу экен. Бул жыйынга катышкан акындардын ырлары өзүнчө китеп болуп чыкмакчы экен.

-Эми бул фестивалда кайсы ырларыңызды окусам деп жатасыз?

-Кээде акын алдын ала жазып койгон учурлар болот. Анын сыңарындай Түрк өлкөлөрүнүн тарыхын балдарымдын тагдырына салыштырып, “Карт тарых жана балдарым” деген ыр жазып койгон элем, ушул ырымды окусамбы деп жатам.

- “Азаттыктын” угармандарына да ушул ырыңыздан төрт сап окуй кетсеңиз?

Угуз бабам, Угуздун кырк улусун,
Бириктирип курса көчмөн хандыгын,
Манас атам чоң азап деп жол чалып,
Карт Чыгыштын кошкон экен бардыгын...

- Атантай мырза, Түркияга бараткан сапарыңыздын алдында “Тирүү Мекен” деген ат менен көлөмдүү жыйнагыңыз да чыгып отурат. Куттуктаймын. Эми китепке ат коюш деле балага ат койгондой эле го...

-Туура айтасыз. Мен бул жыйнагымды “Тирүү Мекен” деп аташымдын себеби, Чыгышта “адам топурактан жаралган” деген философия бар эмеспи. Топурак – деген Мекен демек. Жараткан ошол Мекендин бир ууч топурагына – адамга жан салып койгондо, ал тирүү Мекенге айланат.

Тууган жерден түйүп алып топурак,
Ата-бабам жоону сүрүп келишкен,
Кан майданда каза тапса, дал ошол,
Топуракты бейитине себишкен.


- Атантай мырза, “Пайгамбарлар баарысы акын болушкан” деген ырыңыз бар эмеспи? Эгер акын адам талантын бапестесе, пайгамбарлыкка жакындашы мүмкүнбү?

-Батыштын бир акыны айтат: Кээде акындар пайгамбарлардын түшүнө кирбеген ойлорду ойноп айтып коюшат. Ошондой эле француз акыны Пьер Леру чыныгы акындар – пайгамбарлар” дейт. Көп ыйык китептер поэзия менен чагылдырылган. Ал эми гректер болсо бардык асыл нерселерди мурда “поэзия” деп аташкан экен...

Пайгамбарлар бардыгы акын болушкан,
Ай-ааламдан асылдыкты чогулткан,
Өткөөл салып сүйүү менен ыймандан,
Акыйкаттан Кудайга жол согушкан.


- Атантай мырза, Түркияга акындардын жыйынына жөнөп жатып “Азаттыктын” “Керемет үкөк” маданий уктуруусуна келип куруп берген маегиңиз үчүн ырахмат. Сапарыңыз байсалдуу болсун.

-Сиздерге да ийгилик каалайм.
XS
SM
MD
LG