Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:04

Евробиримдик Грузия-Орусия ортосундагы тирешүүгө олуттуу тынчызданат


Евробиримдик бүгүн Грузия менен Орусия ортосунда тирешүү күчөп жатканына олуттуу тынчыздануусун билдирүү менен баардык тараптарды сүйлөшүүлөргө кайтууга чакырды. 27 өлкө мүчө Евробиримдиктин билдирүүсүндө Грузиянын суверенитетине, көз карандысыздыгына, аймактык бүтүндүгүнө колдоо көргөзүлгөн. Евробиримдик ага катар аймактагы чатакты тынчтык жол менен чечүүнү колдоорун ырастады. Мунун алдында бүгүн Грузия Улуттар уюмун анын жикчил аймагы катары эсептелген Абхазияда учактарга каршы куралдын колдонуусу боюнча иликтөө жүргүзүүгө үндөгөн эле.

Абхазиянын бийликтери алар кечээ Грузиянын учкучсуз башкарылган эки тыңчы учагын атып түшүрдүк деп ырасташкан болчу. Ал эми өз кезегинде Орусияны абхаз жикчилери курал менен жабдып жатканы үчүн айыптаган Грузия жогорудагыдай окуянын болгондугун жокко чыгарууда. Анткен менен грузин Тышкы иштер министрлиги Улуттар уюмун эки ортодогу коопсуздук зонасында "абадан коргонуу системасынын турушу жана колдонулушу боюнча тезинен иликтөө жүргүзүп, эл аралык коомчулукту кабардар кылууга" чакырды.

XS
SM
MD
LG