Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:17

БАКИЕВ МЕНЕН КУЛОВ БИРИ-БИРИНИН КОЛДООСУНА МУКТАЖ


2-майдан тарта Кыргызстанда Орто жана чакан энергетиканы өнүктүрүү долбоору боюнча өз алдынча дирекция ишке киришти. Президент Курманбек Бакиев ушундай жардык чыгарып, жаңы мекеменин директору кылып мурдагы премьер-министр, “Ар намыс” партиясынын лидери Феликс Куловду --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2007/02/6BF49F1A-42BC-4595-9B7D-00651393543F.asp дайындады. Буга мурдагы премьер-министрдин чакан ГЭСтерди курууга инвестиция тартуу планы негиз берди. Элдешкис оппозицияда жүргөн саясатчынын бийлик менен тил табышуусунун сыры эмнеде?

Тандемдеш атыккан эки саясатчынын кепке келишүүсү коомдук-саясий чөйрөдө ириде алардын бири-бирине болгон муктаждыгы менен байланыштырылууда. Маселен, президент Курманбек Бакиевге эпке келер оппозиция керек болуп жатса, “темир Феликс” саясаттагы ордун жоготууну каалабайт дешет талдоочулар.

“Таза коом” саясий партиясынын лидерлеринин бири Табылды Акеров саясий чоң күрөштө бирге болгон эки саясатчы үчүн тең мындай кадам келерки президенттик шайлоо алыс эмес болуп турган учурда өтө зарыл дейт:

- Анткени, бийликтин да элде кадыры анча эмес. Кулов да кадырын жоготуп баратат. Анткени, мисалы, Текебаев, Сариев өндүүлөр жашыраак болуп тигини оюндан чыгарып атышат. Ошондуктан, аброюн биротоло жоготуп албашы үчүн Бакиевге ыктабаса болбой атат. Башка жолу жок болуп жатат да.

Акеров ошондой эле президент Бакиевдин Кулов менен кайрадан ымала түзүшүнө экс-премьер-министр Алмаз Атамбаев жетектеген СДПнын оппозициялык маанайы да таасир этип жатышы мүмкүн дейт.



“Кылым шамы” укук борборунунун башчысы Азиза Абдырасулова Феликс Куловдун оппозициялык саясатчы болгондугуна да, элдин кызыкчылыгын коргогондугуна да караманча ишенбейт:

- Кулов өзүн өмүр бою өлкөдөгү биринчи, экинчи тепкичтеги адам катары көрүп келген. Тизгин талашмай эле болуп келген. Кулов эч качан элдин көйгөйүн көтөрүп элди пикетке чыгарган эмес. Апрель митингдеринде да ошо элдин кызыкчылыгын коргогон бир да лозунгу болгон эмес.

Азиза Абдырасулованын мындай көз карашын бөлүшкөн талдоочулардын бири Кубан Абдымен Куловду “Ар намыс” партиясынын келечегине ишенбеген үчүн өз көмөчүнө күл тартып кетти дейт. “Ар намыс” партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев мындай көз караштарды натура санады:

- Кантип Куловдун жеке кызыкчылыгы болсун? Кайра биз айтып атпайбызбы, Кыргызстан мындай оор акыбалда калбашы керек. Биз оппозиция болгон үчүн эле бийликке канчалык жаман болсо бизге ошончо жакшы болот деген туура эмес.

Алиевдин айтымында, Куловдун идеясына ылайык түзүлгөн дирекция чакан ГЭСтерди куруу үчүн Германиядан 100 миллион доллар инвестиция тартканы турат. Саясатчынын ишениминде, энергетиканын таңсыктыгы болуп турган азыркы шартта бул мыкты долбоор болору анык:

- Кышкысын бизде жылуулук болбой калышы мүмкүн. Жарык болбой калышы мүмкүн. Электр энергиясы жок. Таңсыктык болгон үчүн анан өз программабызды даярдаганбыз. Президент туура кабыл алды.

Бирок укук коргоочу Азиза Абдырасулова Феликс Куловдун убадаларына ишенбейт:

- Анын убадалары Кыргызстанды ХИПКке жетелеп баратат. Ошол ХИПКке кирүүнү аябай каалагандардын бири ошол кездеги премьер-министр Феликс Кулов, ошол кездеги вице-премьер-министр Даняр Үсөнов, ошол кездеги каржы министри Акылбек Жапаров, Улуттук Банктын төрагасы Марат Алапаев болгон. Мына ошолор чогулуп алышып эле Кыргызстанды кайра ХИПКке жетелеп баратышат.

Азиза Абдырасулова Феликс Кулов ХИПКти жактаган мамлекеттик кызматкерлердин катарын кайрадан толуктады деп билдирди.

Феликс Кулов премьер-министр болуп турган кезде ХИПК программасына кирүү демилгеси коомчулуктун күчү менен ишке ашпай калган. Декабрь Конституциясына ылайык Куловдун премьер-министрликке талапкердигин парламент кайра карап, бирок колдобой койгон. Дароо оппозицияга чыккан экс-премьер-министр Бириккен фронт түзүп, былтыр апрель митингдерин уюштурган. Башаламандык фактысы боюнча Коопсуздук кызматы козгогон кылмыш ишинде Куловго апрель митингдерин уюштурду деген кылмыш тагылып, кийинчерээк ал убактылуу токтотулган. Азыр Кулов жетектеген “Ар намыс” партиясы “Акыйкат үчүн” кыймылына мүчө. Ошол эле мезгилде “темир Феликс” кыймылдын жыйындарына бир да жолу катышпагандыгы айтылып жүрөт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG