Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:29

Дүйнөлүк Банктын эсебинде, Кыргызстанда --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/03/F6FD17E7-AF77-45B1-8254-9B52E6A6F026.asp ишкердүүлүккө жагымдуу шарт бар. Мисалы жаңы иш баштоо Казакстанга жетпеген менен, коңшулаш башка өлкөлөрдөн жеңилирээк. Бирок ишкердүүлүккө инвестиция табуу өтө кымбат. Ошого карабастан, банктар көбөйүп, кредит алуу барган сайын жеңилдеп баратат. Бул тууралуу жакында “Кричн Сайенс Монитор” гезитинде жарык көргөн макалада айтылат.

Борбор Азия жумурияттарынын ичинен бизнес ачууга мүмкүнчүлүк Кыргызстанда эң жеңил. Бирок саясий бейстабилдүүлүк кедерги болуп жатканы бир тең, бизнести иштетиш үчүн зарыл болгон акча табуу өтө оор.

"2008-жылы бизнес кылуу" деп аталган Дүйнөлүк Банктын отчетуна ылайык, 178 өлкөнүн ичинде Кыргызстан 94-орунда. Өлкө ишкердүүлүк үчүн жагымдуу шарты боюнча Орусиядан жана Өзбекстандан өйдө турат. Региондо Казакстанда мүмкүнчүлүктөр эң мыкты болгону менен, лицензия алуунун оңойлугу жана салык төлөөдөгү жеңилдиктер жагынан Кыргызстан Борбор Азияда биринчи орунда.

Бир гана карыз алуу маселеси өлкөдө татаал. Айлык акысы өтө төмөн болгондуктан, айлыкты сарамжалдап, акча топтоо мүмкүн эмес. Демек иш ачыш үчүн, ишкер үйүн сатып, же урук-туугандарынан акча чогултууга мажбур. Албетте кеп чакан бизнес жөнүндө болуп жатат. Финансы кызматтары өнүккөн өлкөдө ишкерлер банктан карыз алышат. Бирок Кыргызстанда банктар майда ишкерлерге карыз берүүгө кызыкпайт.

Америкалык “Кричн Сайенс Монитор” гезитинде өткөн аптада жарык көргөн макалада мына ушул көйгөй талдоого алынат.

Кыргызстандагы эң ири банктардын бири деп саналган Азия Универсал банкынын маалымат катчысы Алима Нургазиева гезитке "майда ишкерлер алган карызын төлөй албайт же төлөгүсү келбейт" деп билдирген.

Ал эми Алматыдагы Экономикалык стратегиялар институтунун аналитиги Бахтияр Бакас уулунун айтымында, Кыргызстанда өкмөт да, ишкерлер да акчага муктаж, бирок карызга берилүүчү каражат тартыш болгондуктан, карыз алуу өтө кымбат.

Макаланын авторлорунун бири Сэм Транум түзүлгөн кырдаалды өлкөдө ишкердүүлүк жаңы тамыр алып жаткандыгы менен түшүндүрдү:

- Улуу жаштагылар ишкердүүлүктүн аки-чүкөсүн анча биле беришпейт, тажрыйбасы жетишсиз, демек жаштар алардан кеп-кеңеш ала алышпайт. Саясий стабилдүүлүк жок. Ишкерлер чет элдик инвестиция издеп, же өкмөт кандай жардам берет деп күтүп отурбастан, ар ким өз арбайын өзү согот.

Чындыгында эле, иш ачууну каалагандар ар кимден карыз алууга мажбур, бирок мындай карыздын үстөк пайызы банктар сунуш эткенден төмөн. Айталы, Кошмо Штаттарында майда ишкерлер жылына 8 пайыз төлөп, карыз ала алышат. Евробиримдикке кирген өлкөлөрдө майда ишкердүүлүктү өнүктүрүү үчүн атайын фонддор бар. Ал эми Кыргызстанда үстөк пайыз 20-25 пайыз. Микрокредиттер 48 пайызга чейин жетиши мүмкүн.

Бул шартта албетте ишкерлер банкка кайрылгылары келбейт. Жакшы жагы, кырдаал улам өзгөрүүдө. Өлкө өз алдынчалык алган чакта бир да коммерциялык банк болгон эмес, ал эми азыр алардын саны 23кө жетти.

Ошондой эле карыз кору да өсүп келатат. Мисалы эгер 2002-жылы банктар жеке менчик тармакка 71 миллион доллар карыз берсе, 2006-жылы бул көрсөткүч төрт эсе өсүп, 331 миллион долларды түздү. Ушундан улам үстөк пайыз да акырындык менен төмөндөп жатат.

Сүрөт fenixdv.com интернет баракчасынан алынды.
XS
SM
MD
LG