Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

7-МАЙ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Жаңы Кыргыз Алфавитинин Борбордук Комитети 1928-жылдын 7-майында жыйын өкөрдү. Кыргыз Обком ВКП (б) бюросунун 1937-жылдын 7-май күнкү жыйынында «Мамлекеттик терминологиялык комиссияны» уюштуруу маселеси каралды.

Кыргыз калкынын сыймыгы, атактуу манасчы Саякбай Каралаев 1894-жылдын 7-майы күнү жарык дүйнөгө келген. Манасчынын киндик каны Тоңдун Акөлөң жергесине таамп, ал бала чагынан чыгармачыл чөйрөдө таалим-тарбия алган. Саякбай Каралаев кыргыз калкынын 1916-жылкы көтөрүлүшүнө катышып, анын айынан Кытайга чейин качып, 1917-жылы кайра мекенине кайтып келген. Кыргыз Элдик агартуу комитетине караштуу тил жана адабият илим изилдөө институту, С. Каралаев айткан «Манас» эпосун 1930-жылдан тарта жазып алууну баштаган. Айтылуу манасчынын аткаруусунда «Манас» эпосунун «Семетей», «Сейтек» үчилтиги толук жазылып алынган.

Кыргыз интеллигенциясынын карлыгач өкүлү Касым Тыныстанов 1921-жылдын бу күнү Ташкент шаарынан Каракол уездине сапар тартты. Буга чейин ал Ташкенттеги № 2-интернатта эмгектенип, жергиликтүү кыргыз жеткинчектерин кат-сабатка окуткан. Касым Тыныстановдун жазганына караганда, ал Караколго ден соолугун чыңдаш үчүн жана окуу усулуна даярдык көрүү максатында аттанган. Анткен менен Караколго келгенден кийин ал коомдук иштерге берилип, кыргыз театралдык тобун уюштуруп, калк арасында жаңы коомдук түзүлүштү түшүндүрүш үчүн агартуу тармагына тартылган.

Кыргыз тамгасын латын алфавитине которуу максатында уюшулган Жаңы Кыргыз Алфавитинин Борбордук Комитети 1928-жылдын 7-майында жыйын өкөрдү. Жыйында «Жаңы алфавит менен басыла турган журнал чыгаруу» маселеси талкууланды. Жыйынга төрагалык кылган Касым Тыныстанов билдирүү жасап, жаңы журнал жана анын максат, милдеттери туурасында түшүнүк берди. Жыйын соңунда беш пунктан турган чечим кабыл алынып, журналды чыгаруу зарылчылыгы белгиленди.

Журнал «Жаңы маданият жолунда» аталып, аны ай сайын үч басма табак көлөмүндө жарыялоо туурасында чечим чыгарылды. «Жаңы маданият жолунда» журналдын жооптуу редакторлугуна К. Тыныстанов дайындалып, редакциялык коллегия Т. Жолдошев, Б. Ысакеевдерден куралган.

Кыргыз Обком ВКП (б) бюросунун 1937-жылдын 7-май күнкү жыйынында «Мамлекеттик терминологиялык комиссияны» уюштуруу маселеси каралды. «Мамлекеттик терминологиялык комиссияны» түзүү зарылчылыгы туурасында А. Жумабаев билдирүү жасап, буга чейин көрүлгөн камылга туурасында маалымат берди. Кыргыз тилиндеги тармактык терминдерди иштеп чыгыш үчүн атайын топтор уюшулуп, коомдук-экономикалык терминдерди иштеп чыгуу К. Рахматулинге, адабий тил маселеси К. Тыныстановго, медициналык, физико-математикалык, химиялык жана астрономиялык терминдерди талдоо И. Арабаевге, географиялык терминдер менен иштөө Ж. Шүкүровго жүктөлгөн.
XS
SM
MD
LG