Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:27

Эгемен Кыргыз республикасынын алгачкы Баш мыйзамы 15 жашка толду. Ушул мезгил аралыгында жети жолу мыйзам “бычылганына” карабай, мамлекет дагы эле дал ошол алгачкы Конституция --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/B13EAB1C-C6BB-449E-8E9A-6EF0DF9A1E7A.ASP кабыл алынган күндү майрамдап келатат. “Март ыңкылабынын” негизги талаптарынын бирин аткаруу миссиясын мойнуна алган бийликти бүгүн “бийлик деп жүрүп такыр чалкасынан кеткени” үчүн айыпташууда. Кыргыз коомунда конституциялык реформа боюнча дале консолидация байкала элек.

Бүгүн Конституция күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада президент Курманбек Бакиев “март ыңкылабынын” башкы талаптарынын бири – конституциялык реформа – аягына чыкканын жар салды.

- Конституциялык реформа боюнча биз убадабызды аткардык деп эсептейм. Укуктардын так көрсөтүлүшү, баарынан да, президенттен тарта ар кайсыл тараптарда жоопкерчиликтин бар экени, парламент менен өкмөттүн партиялык система аркылуу түзүлүшү, адам укуктарын коргоонун негизги приоритет катары алынышы эми эч качан авторитаризмге карай кайтуу болбойт дегенди билдирет, - деди К.Бакиев.

Президенттин айткандарын “Азаттыкка” саясат таануучу Орозбек Молдалиев чечмелеп жатып, формалдуу түрдө убадалар аткарылды дегенге болоорун, бирок мазмуну жагынан эч кандай ич жылытарлык жыйынтык чыкпаганын билдирди. Мунун баары, саясат таануучунун айтымында, “сырты жалтырак, ичи калтырак” демократияны түзүү менен байланыштуу.

- Орустардын “Потемкинские деревни” деген лакабына окшогон демократия болуп калды. Сыртынан карасаң, мыйзамдар бар, Конституция кабыл алынды, парламентке шайлоо партиялык тизме менен өттү. Бирок анын баары “демократиянын декорациясы” болуп калды.

“Демократиянын декорациясы” дегенге бирок мамлекет башчысы макул эмес. Курманбек Салиевич бүгүн элди Конституция күнү менен куттуктап жатып, азыркы Баш мыйзамдын шарапаты менен жашоо оңолуп, көптөн күткөн саясий стабилдүлүк орногонун билдирди. Ал Конституциянын улам эле өзгөртүлө берилгенине да токтолбой койгон жок.

Президенттин ишениминде, 2005-жылга чейинки өзгөртүүлөрдүн баары эски бийликтин жеке кызыкчылыгы үчүн киргизилген. Андан кийинкилери элдин кызыкчылыгын жактап жасалды, деди президент.

- Бизге Конституциябыз канчалык баалуу экенин, канчалык маанилүү экенин түшүнүү үчүн оор жолду басып өтүүгө туура келди. Менимче, жок эле дегенде, КМШ аймагында ушундай татаал тагдырды баштан кечирген Конституциясы бар мамлекет болбосо керек. Көп кыйынчылыктардын акыбети кайтып, биз максатыбызга жетип, азыркы Баш мыйзамга ээ болдук, - деди президенти Курманбек Бакиев.

Кыргызстан конституциялык реформада канчалык максатка жеткен-жетпегени Баш мыйзамдын кийинки жолку өзгөртүлүшүндө аныкталат деген да ойлор жок эмес. Кыргыз саясатында Баш мыйзамды ар жолу өзгөртө берүү өнөкөтү түзүлүп калганын саясат таануучулардын көбү өтө кейиштүү жагдай катары атап жүрүшөт. Анткен менен Баш мыйзам боюнча кыргыз коомунда алигече орток пикир калыптана электей.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG