Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:22

АКШ: Иран менен сүйлөшүүлөр ал өз жүрүм-турумун өзгөртмөйүнчө “бекер сөз” бойдон кала берет


АКШ Ирактагы коопсуздук боюнча Иран менен сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экенин билгизди. Бирок мамдепартаменттин өкүлү Том Кейси белгилегендей, Тегеран шиит согушкерлерин мындан ары да колдой берсе, бул сүйлөшүүлөрдүн мааниси жоголот. Иран Ирактагы коопсуздук маселеси боюнча АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасына катышуудан баш тарткан болчу. Ирандыктар АКШ шиит согушкерлерине каршы операцияны токтоткон соң гана сүйлөшүүлөргө бараарын эскертишкен. Былтыркы майдан тарта АКШ менен Иран мындай сүйлөшүүлөрдү үч ирет өткөрүшкөн. Америка Иран Ирактагы шиит радикалдарын колдойт деп шекшип келсе, ал эми Иран бул айыптоолорду дайыма четке кагат.

XS
SM
MD
LG