Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:22

7:45 Азыркы Конституция көпкө жашабайт


Мамлекет башчы өзүнүн жаңылаган Башмыйзамын канчалык мактабасын, өткөн жылы реформаланган Конституция көпкө узабайт. Мындай пикирин “Акыйкат үчүн” кыймылынын мүчөсү Аликбек Жекшенкулов “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтуусунда буга эки себеп бар: Биринчиден бардык саясий партияларга мүмкүнчүлүк түзүлгөн жок, бир гана бийликтин партиясына бардык шарттар түзүлүп атат, экинчиден бийлик тең салмактуу эмес. Бул Конституция президенттин гана бийлигин чыңдап жатат. “Кыргыздын тарыхында да болуп келген, коомчулукта мыйзамдар аркылуу калыстык орнобосо, башка саясий күчтөр реформаны талап кыла берет. Бул өз кезегинде өлкөдөгү саясий туруксуздукту жаратат,” дейт Аликбек Жекшенкулов. Кечээ президент Курманбек Бакиев Башмыйзамдын 15 жылдыгына арналып өткөрүлгөн салтанатта сүйлөгөн сөзүндө Конституциялык реформа максатына жетти, деп билдирген. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG