Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Грузиянын премьер-министри Орусия менен чыңалып бараткан мамилелер боюнча чукул дипломатиялык чара керектигин билдирет


Грузиянын өкмөт башчысы Ладо Гургенидзе “Рейтер” маалымат агенттигине “Грузия бейстабилдүүлүктү каалабайт” деген оюн айтты. Бирок Гургенидзенин оюнда “Москванын колдоосу аркылуу Абхазия жана Түштүк Осетия Грузиядан мыйзамдуу түрдө бөлүнүүгө аракеттенип жатат”. Баштараак Тбилиси Орусия менен түзүлгөн абадан коргонуу макулдашуусунан баш тартып жатканын бышыктаган. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров “грузин президенти Михаил Саакашвилинин өкмөтү атайлап абалды курчутуп жатат" деп билдирүү жасаган эле.
Тбилиси-Москва алакасынын начарлашына Саакашвилинин Грузияны НАТОго жакындаштыруу аракети негизги себеп болууда. Москва НАТОнун өз чек арасына чейин кирип келишин каалабайт. Соңку окуялар өз кезегинде Батышта тынчсызданууга түрткү болду.

XS
SM
MD
LG