Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:32

АКШнын биринчи айымы Мьянманын өкмөтүн циклон тууралуу алдын ала элди кабарлабагандыгы үчүн айыптоодо


Лора Буштун айтуусунда мамлекеттик телеканалдар “Наргиз” тропикалык циклону тууралуу маалымат менен элди убагында камсыздашы керек болчу. Мьянмада бороон-чапкындын айынан каза тапкандардын саны 10 миңге жетиши мүмкүн. Мурдараак өлкөнүн расмий маалымат каражаттары өткөн дем алыш күндөрү орун алган урагандан 4 миңдей адам каза таап, дагы үч миңдей адам дайынсыз жоголгонун билдиришкен эле. Расмий булакка таянган айрым маалымат каражаттары өлгөндөрдүн саны 15 миңге жеткенин кабарлашууда. Улуттар уюмунун маалыматына караганда, жүз миңдеген адамдар үй-жайсыз, ичүүчү суусуз калды, айрым кыштактар толугу менен талкаланган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG