Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

8:00 Реалдуу көз караш менен караганда быйыл нан каатчылыгы болот


Мындай пикирин ЖК агроөнөржай комитетинин төрагасы Жусупжан Жээнбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда Чүйдөгү 100 миң гектар эгинди үшүк алып кеткен. Үшүктүн кесепетинен буудайдан 20 центнерден алынуучу түшүмдүн ордуна 5 центнер гана алынышы ыктымал. Айыл чарбаны көтөрүү үчүн мамлекет дыйкандарга көмөктөшүп, жер-суу салыктарын азайтуусу керек, дейт Жусупжан Жээнбеков. Кыргыз өкмөтү быйылкы 400 миң гектар жерге айдалган эгинден 800 миң тонна буудай алынарын бекемдөөдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG