Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:06

Аманбек Жапаров, Бишкек Кыргызстандагы чиновниктер көркөм өнөрдү баалап аяр мамиле кылуу менен искусствонун тили аркылуу сүрөткердин айтайын деген оюн жогорку деңгээлде түшүнө билсе коомдогу азыркыдай руханий кризис болбойт эле, деп билдирди кыргыздан чыккан биринчи айкелчи кыз Жумагүл Эшенкулова. Анын айтымында, мамлекеттүүлүктү, улуттук баалуулуктарды сактап калуу үчүн каада-салт, көркөм өнөр, маданиятты өнүктүрүү керек.

Өткөн аптада Бишкектеги сүрөт Академиясында кыргыздан чыккан биринчи бедизчи кыз Жумагүл Эшенкулова кандидаттык диссертациясын жактады. Ал буга чейин «Эне мээрими», «Түштүк кыз», «Толгонай небереси менен», Карлыгач, «Эне жана бала» жана башка айкелдери менен коомчулукка таанымал болуп калган. СССРдин эл сүрөтчүсү, академик Тургунбай Садыков өзүнүн окуучусу Жумагүл Эшенкулова Алабукадагы тепкедей бир айылдан келип Академиянын алдындагы сүрөт окуу жайында тарбияланып, өжөрлүгү, талыбаган эмгекчилдиги менен жогорку деңгээлдеги бедизчиликке жетишкенин белгиледи. Көркөм өнөр илиминин кандидаттыгын жактаган Эшенкулова мамлекеттүүлүктү, улуттук баалуулуктарды сактап, өнүктүрүү үчүн искусство, маданиятты көтөрүү керек деп эсептейт. Анын айтымында, чиновниктер көркөм өнөрдү терең түшүнө беришпей, өздөрүнүн оюн тааңуулай беришет.

- Мисалы монументалдык чоң жумуш коюш үчүн чиновниктердин түздөн-түз кийлигишүүсү терс таасирин тийгизет. Анткени алар бизге келип “заказчы” катары мындай жаса, андай жаса деп өзүнүн оюн таңуулап талап кылат. Ал жеке өзүнүн кызыкчылыгын ойлойт. Ал эми биз сүрөткерлер ар бир чыгарманы искусствонун тили менен жазашыбыз керек да. Чиновниктер болсо биздин эркин ой-жүгүртүүбүздү чектеп, чыгарманын жогорку деңгээлде жаралышына бөгөт болушат.

Эшенкулова белгилегендей, Кыргызстандагы архитектуралык, скульптуралык композициялар болобу, башка искусство тармагы болобу чиновниктердин кийлигишүүсүнөн улам көп чыгармалар дүйнөлүк деңгээлге чыга албай, заман талабынан артта калып келет.

- Айрым скульптуралык чоң композицияларды көргөндө уяласың. Башка мамлекеттерден искусствону абдан түшүнгөн адамдар келип ошол монументти көрүп сын көз караштарын айтканда ыңгайсыз абалда калам. Чиновниктерибиз искуствону, скульптураны деги эле өнөрдүн кайсы жанры болсо дагы терең түшүнүп аяр мамиле кылса жакшы болор эле. Мисалы, чоң монументалдык жумуштарды коердон мурда мыкты адисттерден атайын комиссия түзүп, алардын сынынан өткөзүп, нагыз искусстволук чыгарманын талабына жооп бере тургандай болгондо гана онотууга уруксат берсе деген менин жеке оюм бар,-деди бедизчи кыз Жумагүл Эшенкулова.

Анын мугалими Айдар Усукеев көптөгөн сүрөтчү балдардын арасынан суурулуп чыккан кыз баланын айкелчилик өнөрдү аркалаганы сейрек кездешүүчү таланттын ээси катары баалады. Анын айтымында, аспиранты Эшенкулова шыгына жараша талыкпаган эмгекчилдиги менен өзүнүн курбалдаштарынан айрымаланып турат.

-Скульптор болуш абдан кыйын нерсе. Анын үстүнө кыз бала бул өнөрдү аркалаганы оор. Мына ошондой кыйынчылыктарга карабай Жумагүл бедизчиликти аркалап, анын бир нече эмгектери эл оозуна алынып калды. Ал мындай жетишкендикке духунун күчтүүлүгү, өзүнүн кенен ой жүгүртүүсү, көз карашы, тырышчаактыгы менен жетти. Ал кыргыздан чыккан биринчи айкелчи кыз. Келечекте мыкты бедизчилердин бири болот деген ишеним бар.

Сүрөт өнөрүндөгү керамика боюнча да аталган академияда мыкты өнөрпоз жаштар тарбяланышып, илимий даражага жетишкенине күбө болдук. Алардын бири Клара Абдыраева дагы кандидаттык диссертациясын жактап, комиссиялардын сынына «Табийгаттын табышмактуу дүйнөсү» аттуу эмгегин койду. Белгилүү академиктер Теңдик Аскаров, Үсөн Асанов баштаган илимпоздор Клара Абдыраеванын чыгармаларына жогору баа беришип, айрымдары анын керамикадан жасаган иштерин сатып алууга кызыкдар экенин айтышты. Клара Абдыраева өзүнүн жеке сүрөтчүлүк өнөрканасы жок экенин, ал эми башка кесиптештеринин өнөрканасында электр жарыгына төлөмдөр, ижара акылары кымбаттыгын айтты.

-Мисалы бир-эки айлап жасаган иштерибизди (керамикадан жасалган буюмдар) сүрөт салондорунан сатыкка койдурсак анын ижарасы өзүнүн баасын жеп коет. Биз керамика жасаганга жарактуу чопо топуракты белгилүү бир эки жерден эле алабыз. Андан ар кандай кооз буюмдарды жасап 800-900 градуста ысытып бышыруу өзүнчө түйшүк. Өзүбүзчө салон ачалык десек ижара акылары кымбат.

Абдыраева ошондой эле шаардык бийиликтер сүрөтчүлөр эмгектенген өнөрканаларды завод-фабрика, ишканалар менен тең катар карабай, ар кандай салык, тейлөө төлөмдөрүнөн жеңилдиктерди берип, көңүл бурса өнөр адамдарынын чыгармачылыгынын өсүшүнө өбөлгө болорун кошумчалады.
XS
SM
MD
LG