Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:32

БИЙЛИК ӨЗ ЭЛИНЕН ЭМЕС ӨЗБЕКТЕН, ӨЗ КАЛКЫНАН ЭМЕС КАЗАКТАН КОРКУП АТАБЫ?


“Адилеттик үчүн айтып коюу керек, электр энергиясын чектөө Акаев учурунда деле бар болчу, бирок ал кышкысын айыл жерлеринде гана өчүрүлчү. Эми болсо өлкөнүн борбору аталган Бишкекке келип жетти. Бүгүн Бакиев өзү баштап элди тезек камдоого чакырып жатат. Ырас Токтогул суу сактагычына быйыл сууну жетиштүү топтоп албаса калк чындап эле тезек жагып калчудай. Бирок бийликтин айтканы менен жасаганын анализдеп көрсөңүз, чектөө жалаң гана кышка даярдык үчүн эле киргизилип атпаганын, ал деген кошуна өлкөлөргө суу бериш амалы үчүн колдонулуп жатканын байкоого болот. Анткени Нарын суусунун табигый агымы кышка жетиштүү суу топтогонго мүмкүндүк бермек. Кыштан да коркпой-үркпөй эле чыкмакпыз. Бул биринчиден. Экинчиден, электр энергиясына чектөө 15-июнда таптакыр алынып салары айтылууда. Эгерде бийлик чектөөнү кышта энергиясыз калбайлы деп эле киргизип аткан болсо аны жайында деле үнөмдөсө болбойт беле. Азыр элди кыйнап 12 сааттан өчүрбөй, 6 сааттан өчүрүп, суу топтоону жай айында жасаса деле суу топтолмок. 15-июнь деген сугаттын башталышы. Демек бийлик Өзбекстан менен Казакстандан коркуп жаткандай түрү бар” деп баяндады бүгүн жарык көргөн “Аалам” гезити аркылуу белгилүү экономист Сапар Орозбаков “Электр энергияны биротоло муунтушабы?” деген макаласында.

Экономист мырза быйыл жогорудагы кошуналар бизге өзгөчө элпектик көргөзө баштаганын мисалга тартуу менен, анткени быйыл Өзбекстан менен Казакстанда кургакчылык болот деп айтып атышканын, жөндөн жөн эле Каркыра менен 4 пансионатты кармата берген кыргыз бийлиги дагы эле жогорудагы өлкөлөр менен теңата сүйлөшүп, Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн туруктуулукту көрсөтөрү күмөн экендигин маалымдады.
хххх


“Төрт чарчы күбүрнатыр”. Мына ушундай ат менен ийинине жумуртка уялап, сол колуна короз кондуруп, оң колу менен тоокторго жем чачып аткан сүрөтү басылган Ысыккөлдүн губернатору Кыдыкбек Исаев жөнүндө ой-пикирлердин топтомун “Де-Факто” гезити жар салды. Социолог-мударис К.Исаев бул губернаторду 10-класста окугандан бери билерин, Кыдыкбек мырза илгери бүтүндөй СССРди, Борбор Азия менен Казакстанды тейлеп турган Балыкчы шаарындагы эң чоң элеваторду казактарга сатып ийип чыга бергенин, адептик, интелекттик, рухий деңгээли боюнча мындай кызматка бышып жетелектигин, кыргыз эли үчүн, кыргыз элинин биримди үчүн Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, алардан кийинки Иса Ахунбаев, Аман Мамытов ж.б. улуу инсандар Көл элинин абийринин таза болушу үчүн кызмат кылса, Кыдыкбек Исаев ошол ата-бабалардын ак эмгегин тебелеп, көлдүктөрдү элге жаман көргөзгөнүн, бул жигит байлыккка мас болуп, мансапка көзү караңгылап, өтө көөп кеткенин, эми элдин каргышы тийбесе болду деп айтаарын, укук коргоочу А. Абдрасулова, укук коргоочулардын Ысыккөлдөгү координаторлорунун айтымында, Түптөгү окуяда провокацияларды уюштургандардын баары Кыдыкбек Исаевдин туугандары экендиги белгилүү болгонун, саясатчы Т.Тургуналиев, ушунча болуп жакшы иштеп, өнөржайды алдыга жылдырган аким менен губернаторду дегеле көрөлектигин, Кыдыкбек Исаев жок дегенде Каркыра маселесине келгенде бекем турса болмоктугун, Түптө кыргыздарды кыргызга тукуруп, ыплас иштерге барганын, мындай аракеттер улуттун биримдигин бузарын академик М.Мамакеев, Кыдыкбек Исаев мурда соттошуп жүруп кызматтан кеткенин.

Басып келген жолу таза эместигин, губернатор катары анча жакпастыгын, саясатчы Т.Бакир уулу, анын бир нерсени уюштуруу жагынан кыйындыгын, жогорку бийликтегилер жок жерде ачык сүйлөрүн, анын Түптөгү аялдарды уюштурганын, бийликке жагынуу менен кызматын сактап калыш үчүн жасаган аракети деп баалай тургандыгын айтып мүнөздөмө беришти.

хххх

“Де-факто” мындан сырткары аалым Чоюн Өмүралиевдин “Улут башындагы лидер таза болсо, эл ошого карап түзөнөт” деген суроо-жообун да жарыялады. Чоюн мырза негизинен Жер маселесине басым жасаган.

хххх

“Кыргыз туусу” гезити, ишкерлик жөнүндө макала жарыялап, дүйнө жүзүндө белгилүү фирмалар өнүккөн мамлекеттердин экономикасына гана салым кошпостон, социалдык проблемаларды да чечерин, маданиятын көтөрөрүн, ошондуктан өнүккөн өлкөлөрдө бизнесмендер үчүн бардык шарт түзүлөрүн, ал эми бизде болсо, бизнесмендер кайсы бир иштерин баштардан мурда анын аягы кандай болуп бүтөрүн билбестигин, ал эми жергиликтүү чоң жана кичине аткаминерлер эл кызыкчылыгынан мурда өз кызыкчылыгын башкы планга койорун, ошондуктан жардамга кол сунуп келген инвесторлорду өз аймагына тартуунун ордуна бут тосмойлорун улантып, жологус кылып качырып келатканын кеп кылды.

хххх


“Агым”
гезити адилет министри Марат Кайыповдун: “Акаев Конституциясы менен азыркы Башмыйзамдын асман-жердей айырмасы бар” деген аталыштагы интервьюсун жарыялады. Министр мырза, аталган интервьюсунда Акаевдин учурунда бийлик башындагы адамдардын дээрлик баарын президент дайындаса, азыр андай эместигин, парламентке башка улуттар менен жаштар да келе турган болгондугун, мындай жетишкендиктер кээ бир өнүккөн батыш мамлекеттеринде да кезикпестигин, Бакиев саясый жоопкерчиликти мойнуна алганын, ошон үчүн кызынын же уулунун атына жашынып партия түзбөй, ачык эле “Ак жол” партиясын түзгөнүн, ошондуктан эл кээ бир партиялардын тизмесин баштаган кишилерди көргөндө эле иренжип, президентке ишенгенин билдиргенин баяндады.
xxxxx

Ушул эле Башмыйзам боюнча оюн экономист-профессор Айылчы Сарыбаев, “Азыркы Башмыйзам өлкөнүн келечегине эч кандай таасир тийгизе албайт, ансыз деле жашаса болот” десе, экс-акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу, бул мыйзам элдик референдумда бурмалоо жолу менен кабыл алынганын, демек ал карапайым калктын жашоосун эмес аны кабыл алдырган адамдардын жашоо-турмушун оңдогонго гана оң таасирин тийгизерин, профессор Сабыр Жумабеков, Башмыйзам талапка жооп бербейт дегендердин пикирине кошулбастыгын, коомдук ишмер Амангелди Муралиев, башмыйзамдын элге таасири тийиш үчун убакыт керектигин, азырынча алдын ала болжоп айталбастыгын айтып жооп беришти.


Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG