Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:00

БАЗАРБАЙ МАМБЕТОВ: СУУДАН ПАЙДА ТАПКАНГА КЫРГЫЗДАРДЫН АКЫЛЫ ЖЕТПЕЙ ЖАТАТ


Кыргызстандын нефтетрейдерлер бирикмесинин башчысы Базарбай Мамбетов “Азаттыктын” таңкы уктурууларында Кыргызстандагы суу сактагычтарга байланышкан саясаттын оош-кыйышы тууралуу ой-пикир бөлүштү.

-Биз сиз менен Кыргызстандагы суу сактагычтар жөнүндө маселени талкуулайлы деп турабыз. Кыргызстандагы суу сактагычтар жөнүндө мыйзам иштелип чыгыш керек деген демилгелер көтөрүлүп жатат. Ушундай мыйзам керекпи?

- Негизинен ошондой мыйзам болсо жакшы болот эле. Бирок ал мыйзам чыкса деле биздеги кырдаалда, мыйзамдын, укуктун күчүн коррупциянын күчү басып турганда, ал закон ошол эле бойдон иштебей калып калат деген ойдомун.

-Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгы, анын натыйжасында пайда болгон энергетикалык кризиске байланыштуу ушундай мыйзам керек деген сөз да болуп атат. Бул суу сактагычтардагы суунун көлөмүн көзөмөлдөөчү курал болуш керекпи?

- Ошондой болуш керек. Мына Түркияда Тигр, Эфрат деген дарыянын жээгиндеги көлдөр, Өзбекстанда суу жок болсо дагы ал жактагы бүт суу сактагычтар каналдардын бардыгы кышында да, жайында дагы суу менен толуп турат. Ал эми биздин суу сактагычтарда болсо июль, августтун аягында эле таманына чейин суунун бардыгын кое берип, кургак калтырып атабыз. Маселен, эгерде ошол толук болуп турса, статусу белгиленип, 80 пайыз көлөмүнөн ылдый түшпөйт деген закон кабыл алса, ошол суунун ичинде, көлчүктө, суу сактагычта балык өстүрө турган чарба, тегерегине эс алуучу жайлар курулуп аябай сонун болот эле. Алматынын алдындагы Капчыгай деген суу сактагычтын тегерегине 30 жылдын ичинде шаарча курулуп, Алматынын элинин көбү ошол жерге барып эс алып жатпайбы. Ошого кыргыздардын акылы жетпей жатат.

-Ушул биздеги энергетикалык кризистин башаты эмнеде болду. Былтыр алысты көралбай 2 млрд. киловатт саат энергияны 36 тыйындан коңшу мамлекеттерге сатып жибергенден болдубу?

- Негизинен ошондон болду. Былтыр 2 млрд. киловатт саат электр энергияны сатабыз деп биз 4 млрд. сууну бекеринен кое бергенбиз. Быйыл 1-апрелде 6 жарым млрд суу калса 1-майга карата деген ошондой эле өлчөмдөгү суу калыптыр. Бир айдын ичинде биз эч кандай өзгөртүү киргизе алган жокпуз Токтогул суу сактагычына.

-Кыргызстан сууну товар катары киргизүүгө аракеттенип келген. Бул багытта Турдакун Усубалиевдин демилгеси менен мыйзам да кабыл алынган эле. Жаңы мыйзам бул багыттагы Кыргызстандын аракеттерин колдоого алууга дарамети жетеби?

- Биз электр энергияны, сууну товар дебей эле, андай мыйзамы жок эле, электр энергияны товар катары өзүбүзгө дагы, өзгөчө кошуна өлкөлөргө ылайыктуу баа менен сатсак эле туура болмок. Ал үчүн атайын законду чыгарып деле кереги жок болчу. Кептин бардыгы мамлекеттик туура мамиле кылып, ошону мамлекеттик тартипке келтирип иштетүүдө болуп жатат.

-Буга саясий эрк керек экен да?

- Ооба, саясий эрк керек.

- Күйүүчү майга баа акырындап өсүп баратат. Бул дүйнөлүк тенденция экендиги да белгилүү. Ошентсе да анын токтоор жайы барбы?

- Бардыгыбыз эле токтойт деген ойдобуз. Май айынын башында дизелдик күйүүчү май, бензиндердин баасы Орусиядагы болуп жаткан баага теңелип калды. Мен 1-2 жыл мурда айткам, бир жарым- эки жылдын ичинде биз дагы Орусияда болуп аткан баага жетебиз деп. Ошого жеттик.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG