Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:41

“Азаттыктын” танкы уктурууларынын маектеши Жашылдар партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев болду.

-Акыркы кезде Түптөгү окуя, Феликс Куловдун бийлик менен кызматташууга кетиши менен оппозициянын позициясы бошой түштү деген пикир бар. Сиз буга кошуласызбы?

- Жок, мен буга кошулбайм. Оппозициянын өзүнүн күчү болот, Кыргызстанда демократия болот. Ошон үчүн оппозициянын жумуштары алдыда.

-Оппозицияны күчүнө келтириш үчүн кандай аракеттер жасалат жана кандай пландар көрүлүп жатат азыркы учурда?

- Оппозиция реформага чыгат, эл өзү суранып жатат. Бүгүн бийлик президенттик эмес толугу менен монархиялык, хандык бийлик болуп кеткен. Президенттик бийликтер башка мамлекеттерге көрүнүп турат. Ошон үчүн мен ойлоп атам, чоң күрөштөр алдыда.

-Оппозиция күрөштү башташ үчүн биригиши керек деген да сөздөр айтылып келет. Ошол оппозициялык лидерлердин амбициясын таштап, бир уюмдун, тактап айтканда бир партиянын, же бир лидердин айланасында баш кошуусу талкууланып жатабы учурда?

- Жок, андай болгон жок. 2005-жылда да оппозициянын лидери кошулган эмес. Эл өзү көтөрүлүп, өзү алып кетет.

-Демек кырдаалды күтөт?

- Эл алдыда жүрөт, оппозиция артта жүрөт. Азык-түлүктүн, транспорттун баасы, энергосистемада баалар бүгүн көтөрүлүп жатат. Бакиев өзү президент болуп сууну саткан, ошон үчүн энергосистема бүгүн жок. Бийлик Токтогулдагы сууларды өзү сатып жиберип, каражатын жакшы бизнесмендер алып кетип атат. Айылдардан, башка региондордон телефон чалып эмне себептен электр өчүрүлөт деп атышат. Мен ойлоп атам эл өзү келет.

-Эркин мырза, Феликс Куловдун кадамын өзүңүз кандай баалап жатасыз?

- Бул Феликс Шаршенбаевичтин өзүнүн ою, ага баа бере албайм. Бирок ал көрсөтүп жатат, бүгүн жөнөкөй киоск койгонго президенттен улуксат алыш керек экенин. Анткени мыйзам бүгүн иштебейт. Коррупция күчөгөн. Президентсиз бүгүн бирөө бир жака бара албайт. Куловдун көзү жетти ар бир бизнести башташ үчүн президенттен уруксат алыш керек экенине. Эмнеге андай? Мыйзам иштеш керек. Алар мыйзамды карап экономиканы көтөрүшү керек. Бирок президент менен иштеши ал өзүнүн ой-пикири.

-Ушуну менен ал киши оппозициядан кетти, бийлик тарабына өттү дегендей түшүнсөк болобу, же кандай?

- Феликс Шаршенбаевичти өзүм көргөн жокмун. Бирок көрүшкөндө сурайм кеттиңизби, кеткен жоксузбу деп. Ал көрсөтүп жатат коррупция бул президенттин алдында чечилбей турганын. Айыл өкмөттү дагы бүгүн президент чечет. Туура саясат жүргүзсө иштен алат. Бүгүн орто, кичи энергетика бизнесин чечиш маселеси президентке чейин жетти. Мен 10-20 миң долларга кичинекей ГЭС салайын десем, анда президентке кайрылыш керек. Ошон үчүн мыйзам иштебейт.

-“Жашылдар” партиясынын алдыдагы максаттары кандай болот?

-“Жашылдар” партиясынын алдыдагы максаты биринчиден, демократиялык республикага чыгыш керек, экинчиси таза саясат жүргүзүү.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG