Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:45

ЭГЕМБЕРДИ ЭРМАТОВ ЭЛЕТТИ ЖЕРДЕГЕН АКЫН


“Азаттыктын” таңкы уктурууларында түз байланыштагы маектеш акын Эгемберди Эрматов болду.

- Бир нече жыл илгери айылга баса берген акын Эгемберди Эрматов азыр кайсы чыгармачылыктын, кайсы китептин үстүнөн иштеп жатат?

- Мен бул жерге келгенден бери бир топ жыл өтүп калды. Ошонун арасында “Исфайрам абасы” деген чоң ырлар жыйнагым чыкты. Андан кийин Низаминин “Жети сулуу” деген дастанын которуп, азыр 400 бет болуп басмадан чыкты. Ушул күндөрү Кыргызстанда Төрөбай Кулатовдун 100 жылдык мааракесин өткөрүп жатпайбы. Ошого карата ошол аксакалдын өмүрүнө арнаган “Төрөбай легендага айланган инсан” деген 250 беттик документалдык китепти чыгарып басмага тапшырдым. Азы күндүн ичинде бул китеп басмадан чыгып калат. Мындан сырткары мен бул жерге келгенден бери Баткен мамлекеттик университетинин алдындагы гуманитардык институтунда чет өлкөлүк адабияттан сабак берет элем. Ошол жерде жүрүп мен улуу түрк элдин даанышманы Кулкожакмат Ясавинин китебин кыргыз тилине которуп басмага тапшырдым. Бул дагы ушул күндөрдүн арасында чыгып калат.

-Айылга барсаңыз да абдан жемиштүү иштеп жаткан экенсиз. Жаштарга байланыштуу бир суроо бар. Мурда советтик заманда акындар абдан ардакталып турчу эле, базар заманында башкача болуп турат. Кызылкыя шаарындагы сиз иштеген университетте жаш акындар, таланттар байкалып, сиз аларга көңүл буруп атасызбы. Бул жагы кандай болуп атат?

- Албетте, жаш акындар биздин чөлкөмдө дагы өтө көп экен. Алардын арасында, бир жума болду Бишкектеги “Бийиктик” басмасынан менин шакиртим болгон, биздин институтта окуп жаткан Рахат Таштемирова деген кызыбыздын китеби чыгып келди. Муну окурмандар абдан жылуу кабыл алып жатышат биздин чөлкөмдө. Мындай шакирттеримдин дагы экөөнүн китеби даяр болуп калды.

- Сиз Меккеге барып келгенден кийин Пайгамбардын өмүрүнө байланыштуу чыгарма жазууга кириштиңиз эле, ал аяктаса керек?

-Ооба, Мухамед Пайгамбардын өмүрүнө арналган дастаным 400 бет болуп чыккан. Ал дастан азыр көп табылбайт, аны азыр өзүм дагы таба албай калдым ал дастанды. Окурмандар кайрадан чыгаруу сунушун улам мага айтып жатышат. Эгер Кудай кааласа демөөрчүлөр табылып калса, ушул дастанды кайрадан жарыкка чыгарсам деген ойдомун.

- Сизге чыгармачылык эргүүнү дагы каалай беребиз. Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG