Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:11

Элеонора Бейшенбек кызы, Прага Ирак өкмөт башчысы Нури ал-Малики Ирандын өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүсүн иликтеген комиссия түзүүгө буйрук берди. Комиссия өлкөдөгү коопсуздукту камсыз кылган мекемелердин өкүлдөрүнөн куралмакчы.

Ирак өкмөтүнүн өкүлү Али ал-Даббах жекшембиде Иран мурда өлкөнүн иштерине аралашып келгенин, анткен менен андан алган таасирлердин баары эле жаман болбогонун айтты.

Эми бул жакшы таасирлерди далилдөө зарыл. Жакында түзүлгөн өкмөттүк топ ишенимдүү далил топтоп, ага баа бериши керек болот. Бирок буга ишенкиребей тургандар да бар. Алардын бири Дубайда жайгашкан Перс булуңундагы коопсуздук жана терроризм маселелерин иликтөө борборунун деректири Мустафа Алани.

Алани Ирандын Ирактагы ички кырдаалга кийлигишүүсү өкмөттүк топтун иликтөөсү жок эле кашкайып көрүнүп турат дейт:

-Жөнөкөй гана мисалдан улам бул топтун иши майнаптуу болбойт. Анткени Ирак өкмөтүнө ынынымдуу топтор Ирандан алган колдоого муктаж. Ушундан улам, өздөрүн ашкере кылып, Ирандын кийлигишүүсү тууралуу маалыматтарды бербейт деп ойлойм.

Алани анык маалыматтар ирактык шийи согушчандарынын колунда экенин, алар болсо мындай фактыларды өкмөттүк комиссия менен бөлүшпөй тургандыгын айтат.

Алани ошондой эле Ирактын Иранга болгон мамилеси АКШ менен кызматташуудан кескин айырмаланып турганын белгилейт.

-Америкалыктар төрт жылдан бери эле ирактык колдоолор айкын деп, алар террористтик топторду колдойт деп кыйкырып, сайрап келишкен. Ирак өкмөтү муну жокко чыгарып келгенин да көргөнбүз. Эми минтип радикал шийилердин имамы Муктада ас-Садр менен пикирлери келишпей калып, анын тобун кармата коюп, ирак өкмөтүнүн бөлүгү болгон башка топторду жаап-жашырууда.

Алани Ирандын Ирактагы жагдайга таасири күчтүү экенин, бул АКШнын Ирактагы кырдаалды Иран менен биргеликте талкуулап жатканын бирден бир себеби дейт.

Өткөн жылы майдан бери Иран менен АКШ Ирактагы коопсуздук тууралуу элчилердин деңгээлинде үч ирээт сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Иран тышкы иштер министри америкалык күчтөр Муктада ас-Садрга ынаган куралдуу топторго кол салууну токтотмоюнча АКШ менен Ирактагы коопсуздук боюнча экинчи сүйлөшүүгө барбай тургандыгын билдирди.

Аланинин баамында ирактагы шийилердин куралчан топторун Иран каражат, курал-жарак менен камсыз кылып жаткандыктан, бул маселе АКШны эле эмес, араб өлкөлөрүн да кабатыр кылат.

Бирок Аланинин баамында дүйнөдөгү шийилердин эң ири өлкөсү - Иран Ирактагы шийилерди диний себептен гана колдоп жатат деп ойлоо жаңылыштык:

-Бул диний же сектанттык таасир эмес. Бул саясий таасир жана анын стратегиялык максаты бар. Ушундан улам Иран шийилерге жамынып алып Ирактагы бийликке негиз салып жатат.
XS
SM
MD
LG