Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:56

Элеонора Бейшенбек кызы, Прага АКШдагы белгилүү “Тайм” (“Time”) журналы дүйнөдөгү эң таасирдүү жүз адамды атады. Таасири чоң инсандар беш тармак боюнча - “Лидерлер жана революционерлер”, “Каармандар жана демилгечилер”, “Окумуштуулар жана ойчулдар”, “Артисттер жана шоу-бизнес өкүлдөрү”, ошондой эле “Куруучулар жана титандар” деп аныкталган.

Быйыл дүйнөдөгү таасирдүү лидер жана революционер деп Тибеттин сүргүндөгү лидери Далай Лама аталган. Экинчи орунду мөөнөтү аяктап, жакында кызматтан кете турган Орусиянын президенти Владимир Путин ээлеген. Былтыр “Тайм” журналы Путинди “Жылдын адамы” деп тапкан.

“Тайм” журналы таасирдүү деп аныктагандардын дээрлик баардыгы дүйнөлүк маалымат каражаттарында көп сөзгө алынган жана мансабы, байлыгы чоң инсандар.

Быйылкы жылдын лидери делген Далай Лама эл аралык коомчулуктун көңүлүн Тибеттин борбору Лхаса шарындагы кандуу кагылыштан кийин Кытай бийлигинин адам укугун сыйлабаган саясатына көнүл бурууга чакырып чыккан. Далай Ламага быйыл "Париж шаарынын ардактуу жашоочусу" деген макам берилген.

Владимир Путин Орусияны сегиз жыл башкарып, бийликти өзүнүн мураскоруна таштап кетиши менен өзгөчө сөзгө алынды.

Путинден кийин эле таасирдүү деп далайдын бүйүрүн кызытып турган АКШдагы президенттикке талапкерлер - Барак Обама, Хиллари Клинтон жана Жон Маккейн аталган. Ушул эле тизмеден АКШнын азыркы президенти Жорж Бушту табууга болот.

“Тайм” атаган жүз таасирдүү адам тизмесине радикал шийилердин имамы Муктада ас-Садр, Боливиянын президенти Ево Моралес кирген.

“Тайм” журналы эң таасирдүү каармандар жана демилгечилер деп Голливуд кино жылдыздары Брэд Пит менен Анжелина Жолини тапкан. Жубайлар дүйнөлүк тасмада атак алып тим болбостон, кайрымдуулук иштерге да байма-бай катышып келишет. Анжелина Жоли Улуттар Уюмунун “Жакшы санаадагы элчиси” аталып, качкындарга көмөк көрсөтүү менен алектенет.

Ушул эле топто Британиянын мурунку өкмөт башчысы Тони Блэр да бар.

Артисттер жана шоу-бизнестеги таасири чоң деп продюссер Лорн Майклс табылган. Ушул эле тизмеден белгилүү актер Жорж Клуни, ырчы Мерайи Кэрини да табууга болот.

Куруучулар жана титандар тобунун башында АКШда жашаган теги индиялык ишкер айым Индра Нойи. Нойи атактуу PepsiCo компаниясынын менен катар эле азык-түлүк чыгарган бир топ белгилүү ири компаниялардын жетекчиси.
XS
SM
MD
LG