Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:06

14:10 Ф.Кулов: А. Машкевич Кыргызстандын энерготармагын менчиктештирүүгө кызыкдар болгон


“Мен премьер-министр болуп турганымда ишкер Александр Машкевич жана анын өнөктөштөрү энергетикалык объекттерди менчиктештирүү боюнча тендерге катышуу маселелерин изилдеп көрүшкөн, бирок мен электр кубатына бааны өкмөт аныктаарын жана Токтогул сыяктуу ГЭСтер, магистралдык тармак менчиктештирилбестигин айткан соң алар баш тартышкан” -деп айтты Феликс Кулов бүгүнкү маалымат жыйынында. Ошондой эле Кулов Машкевичке ТЭЦти карап көрүү сунушталып, бирок ал мындай сунушту четке какканын кошумчалады. Жогорку Кеңештин депутаты Анаш Сейитказыев өткөн айда энергетика программасын талкуулаган парламент жыйындарынын биринде электр кубатын бөлүштүрүүчү компаниялар үчүн казакстандык ишкер Александар Машкевич акчасын төлөп коюп, өкмөт эми аны менен эсептешүүгө аргасыз болуп жатканын айтып чыккан.(SM)

XS
SM
MD
LG