Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

16:17 Сузакта айылдашын бычак алып кубалаган адамды камактан бошотууну талап кылган пикет болду


Бүгүн Сузак райондук сотунун алдында пикет болуп өттү. Түшкө чейин пикетте турган 18 киши Кызыл Сеңир айылынын жашоочусу Камыт Нурбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, абактан бошотууну талап кылышты. Алардын арасында болгон беш бала Президент менен сот адилеттиги боюнча Улуттук Кеңешке жазылган кайрылуу плакаттарын кармап турушту. Адам укугун коргоочу Молдосали Ибраимовдун айтымында Нурбаевди камоого санкция берген соттун ишин Улуттук Кеңеш текшериши керек. Пикетчилердин белгилешинче Нурбаев 8-апрелде жаза пул төлөгөнү менен 30-апрелде чакыруу кагазы жок, күбөлөрү суралбай убактылуу кармоо жайына жеткирилген. Райондук сот 2-майда кылмыш кодексинин 234 беренесине ылайык иш козгогон тергөөчүнүн эки айга камакка алууга бөгөт коюу өтүнүчүн канааттандырган. Тергөөчү Билал Акматовдун айтымында Нурбаев өз айылдашын уруп, кийин бычак менен өлтүрөм деп кубалаган. Райондук соттун төрагасы Жаныбек Бекназаров маселени пикет менен эмес, мыйзам жолу аркылуу чечүү керектигин билдирди. ( YA)

XS
SM
MD
LG