Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:22

Кыргызстандын мурунку өкмөт башчысы, «Ар намыс» партиясынын лидери Ф.Кулов орто жана чакан энергетика тармагын өнүктүрүү долбоору боюнча дирекциянын башчысы болуп президент К.Бакиев тарабынан дайындалды. Бул коомчулукта ар кыл пикирлерди жаратууда. Айрым байкоочулар Ф.Куловдун энергетикалык таңсыктыктан чыгуу максатында сунуштаган бул долбоорунун президент тарабынан колдоого алынышын курулай саясат деп баалашты. Анткен менен Ф. Куловдун өзү бул жерде жеке кызыкчылыгы жок экенин айтып, өлкөгө кыйын болуп турганда ушундай кадамга аргасыздан барганын билдирди.

Жаңыдан түзүлгөн орто жана чакан энергетиканы өнүктүрүү долбоору боюнча дирекциянын башчысы Ф. Кулов аталган долбоорду президенттин катышуусу жок ишке ашыруу мүмкүн эмес деп эсептейт:

- Бул долбоорду президенттин түздөн түз катышуусу жок жүзөгө ашыруу татаалга тураарын К. Бакиевдин өзүнө жолугушуу учурунда айттым. Анткени өзүм өкмөт башчы болуп турган кезде деле түшүнгөм, эгерде дирекция өкмөттүн карамагында болсо, анда бюрократиялык тоскоолдуктардан аттап өтүү мүмкүн эместигин. Ошондуктан мен президентке кайрылдым. Бул Бакиевге, же Куловго, же дагы бир жеке адамга кереги жок. Учурда маселенин маани-маңызы - элдин талабын аткарып, ажаатын ачыш керек.

Ф.Куловдун айтымында, өлкөдө энергетика тармагы гидроресурстардын жардамы менен гана кармалып, толугу менен сууга көз каранды. Ошондуктан, - дейт Ф.Кулов,-орто жана кичи ГЭСтерди куруу боюнча долбоорду иштетүү ылайыктуу болуп турат.

Ф.Куловдун белгилешинче, аталган дирекциянын максаты - инвесторлорду тартуу, алардын ишмердүүлүгүн координациялоо, орто жана кичи ГЭСтер боюнча долбоорлорду ишке ашыруу болуп саналат.

Дирекциянын жетекчисинин орун басары Эмиль Алиев энергетикалык таңсыктык күч болуп жаткан кезде 100 млн доллар каражат бөлүнүп жаткан долбоорду иштетүү зарылдыгын жана муну саясатташтыруунун кажети жоктугун белгиледи:

- Бийликке канчалык жаман болсо, ошончолук бизге жакшы болот деген принцип менен иштөө туура эмес. Азыркы кыйын абалда мейли жарык өчсө өчө берсин, бийлик ошондон эрте кетет деп жата берсек болоор эле, бирок бул жерде эл кыйналып жатпайбы. Берип жаткан сунуштарыбыздан бардыгы эл үчүн.

Анткен менен айрым саясатчылардын пикиринде, тандемдеш атыккан эки саясатчынын апрель окуяларынан кийин кайрадан кепке келишүүсү айтылып жаткандай элдин кызыкчылыгына эмес, өздөрүнүн бири-бирине болгон муктаждыгына байланыштуу болууда.

Маселен саясатчы, оппозиция лидерлеринин бири Темир Сариев Куловдун мамлекеттин көйгөйлүү маселелерин чечүүгө патриоттук сезими гана түртүп жатканында курулай саясат жатат деп эсептейт. Саясатчынын баамында, мындай кадам менен ал саясый аренада өзүнө көңүл бурдургусу келди. Мындай пикирин ал “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди:

- Бакиев үчүн Түптөгү окуядан кийин оппозиция тарапка кадам жасадым деген кыймыл аракетти кылыш керек болчу, ал мындай кыймыл аракетин Ф.Кулов аркылуу тапты. Бул албетте бийликке да, Куловдун өзүнө да керек болчу. Бирок мунун бардыгы тең жасалма.

“Акыйкат үчүн” кыймылынын мүчөсү, юрист Мукар Чолпонбаев да мында элдин кызыкчылыгы үчүн жасалып жаткан аракети экенине ишенбестигин айтты.

Жаңыдан түзүлгөн дирекция коммерциялык эмес, өкмөттүк эмес мекеме болуп саналат. Юридикалык жактан өкмөттүк мекеме болбогондон кийин анын жетекчисинин президент тарабынан дайындалып жатышы укуктук жактан түшүнүксүз болуп жатат, дейт М. Чолпонбаев:

- Бул мекеме жеке структура болуп саналат. Ал эми жеке мекемеге президент үчүн жардык менен директорду дайындоонун кандай кызыкчылыгы бар, кандай укуктук негиз бар түшүнүксүз болуп жатат.

Өз кезегинде Ф.Кулов бул маселе Конституцияга каршы келбестигин жана бардык маселелер юристтер менен такталганын айтты.

Ф. Куловдун оппозиция лидери катары ишмердүүлүгү акыркы мезгилде анча байкалбай келген. Саясый иш-чараларга активдүү катышпай келгенин Ф. Кулов жаңыдан түзүлгөн саясый күчтөргө өздөрүн көрсөтүүгө мүмкүндүк берүү үчүн ойлонуп жасалган кадам деп билдирди.
XS
SM
MD
LG