Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

17:30 Билим берүүдөгү коррупцияны алдын алуу боюнча иш планы иштелип чыкты


Аталган иш план Билим берүү жана маалымат министрлиги тарабынан коррупция менен күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегиясынын алкагында иштелип чыкты. Бул планга ылайык жыл ичинде бир топ иш чаралар уюштурулмакчы. Маселен ЖОЖдордо жана атайын кесиптик окуу жайларында бир катар тегерек үстөлдөрдү, мектептерде класстык сааттарды жана окуу жайлардагы экзамендердин ачык айкындуулугу тууралуу дил баяндар конкурсун өткөрүү каралган. Мындан тышкары студенттер арасында “Мугалим, студенттин көзү менен” аттуу сурамжылоо жүргүзүү да пландаштырылган. Ал эми бул иш чараларды өткөрүү жоопкерчилиги ЖОЖдордун, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жүктөлгөн. Бул тууралуу Билим берүү жана маалымат министрлигинин басма сөз кызматы кабарлоодо. (ESu)

XS
SM
MD
LG