Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:22

19:05 Сот Ишенбай Кадырбековду убактылуу тергөө абагында кармоо мөөнөтүн дагы бир айга узартты


Мындай чечимди Бишкектин Ленин райондук соту бүгүн кечке жуук чыгарды. Анын баш коргоо чарасына байланышкан сот иши жабык өтүп, ага Кадырбековдун адвокатынан башка эч ким киргизилген жок. Аталган сот 26-майда Кадырбековдун камакка алынышы боюнча маселени карап, аны убактылуу тергөө абагында 10 күн кармоо чечимин чыгарган эле. Ишенбай Кадырбеков бул сотко келген учурда “Азаттыктын” кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып, камакка алынышынын саясий себептери бар экенин билдирди. Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы башчысы Ишенбай Кадырбековго каржы полициясы кылмыш ишин козгоп, ал 25-майда камакка алынган болчу. (SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG