Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:06

Кыргыз өкмөтү өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/3ACFE482-F66B-4C29-B7AA-2FB550CBF0A1.asp сактоо үчүн чукул чараларды көрүшү милдет. Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясы кечээ ушундай мазмундагы билдирүү жасады. Фракция өкмөттүн азыркы аракеттери азык-түлүк коопсуздугунун ички, тышкы факторлоруна туруштук бере албайт деп эсептөөдө. Кыргыз өкмөтү бул багытта атайын мыйзам долбоорун жана комплекстүү программа иштеп чыккандыгын жарыялаган.

Кыргыз өкмөтү азык-түлүк коопсуздугун кантип камсыздап жаткандыгын 30-апрелде Жогорку Кеңешке келип айтып берген. Премьер-министр Игорь Чудиновдун билдиргенине караганда, дүйнө жүзүндөгү азык-түлүк кризисине капшабынан жабыркап калбаш үчүн комплекстүү программанын чегинде иштеп жатат. Мындан тышкары өкмөт “Азык түлүк коопсуздугу жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыгып, парламенттин кароосуна берди. Долбоорго өкмөттүн, өндүрүүчүлөрдүн, ишкерлердин жоопкерчилигин күчөтүү жоболору кирген. Өкмөт ошондой эле кырдаал курчуган шартта жарды-жалчы саналган 291 миң адамга кошумча жардам берүүнү, материалдык резерв үчүн кошумча дан азыктарын сатып алууну болжоодо.

Социал-демократтар мындай чаралар жетишсиз деп эсептеп, кубаттуу, чукул чараларды көрүү аркылуу гана азык-түлүк коопсуздугун өлкөдө сактап калууга болорун эскертүүдө. СДП фракциясынын төрагасы Бакыт Бешимовдун айтымында, ал үчүн өкмөт дан азыктарын өстүрүү, пайдалануу, сатуу, сатып алуу багытында комплекстүү саясат жүргүзүшү керек:

- Дыйкандарга тиешелүү кайрылуу кабыл алып, анда өкмөт, мамлекет аларга кандай жардам берет, дыйкандар эмне кылышы керек, экспорт жагынанбы, күйүүчү-майлоочу май жагынанбы, ошондо маселе комплекстүү чачилет эле.

Айрым бейрасмий булактарда ундун баасы күзүндө 1800 сомдон 3 миң сомго чейин көтөрүлөрү айтылууда. Ар бир адамга 205 килограмм буудай сарпталарын эске алганда Кыргызстандын калкына жылына 1 миллион тоннадан ашык буудай талап кылынат. Кыргыз өкмөтү болсо быйыл жалпысынан 800-850 тонна дан өндүрүлөөрүн болжоп жатат. Жаратылыш кырсыктарын жана көптөгөн айдоо аянттары бош калганын эске алган адистер түшүм бул көрсөткүчкө жетеринен шектенип турушат. Ошондуктан, өкмөт быйыл деле кырдаалдан Казакстандын буудайы аркылуу чыгаары айкын. Акыркы сүйлөшүүлөргө караганда, Казакстан буудай сатууда жеңилдик берчүдөй.

Анткен менен өкмөт ички мүмкүнчүлүктү пайдалануу ишаарасын жасап, анын жолун мамлекеттик казынага дыйкандардан жогорку баада эгин сатып алуудан көрүүдө. Бул максатта парламенттен өкмөт 320 миллион сом бюджетке кошуп берүүнү суроодо. Мунун максаты тууралуу парламентте айыл чарба министри Арстанбек Ногоев буларды билдирди:

- 400 миң тоннаны 250 доллардан алганда, биздин 100 миллион доллар акчабыз Казакстанга кетти. Биз Казакстандын фермерлерин колдодук. Биз өзүбүздөн алсак, өз дыйкандарыбызга колдоо кылган болот элек. Мына ушуга программа даярдап, биз даярбыз.

Бирок дыйканды жерге кайтаруу үчүн узак, ырааттуу саясат талап кылынат. Анткени, жер иштетүүгө, дан өстүрүүгө ынтызарлык улам барган сайын азаюуда. Быйыл мындай көрүнүш күчөбөсө, азайган жок. Бул ириде күйүүчү-майлоочу майдын, техниканын кымбаттыгы, өкмөттөн колдоонун жоктугу, убадалардын аткарылбагандыгы менен түшүндүрүлүүдө. Премьер-министр Игорь Чудинов баштаган өкмөт мүчөлөрүнүн жыл башынан берки билдирүүлөрүн иликтеп чыккандыгын маалымдаган депутат Бакыт Бешимов “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Ошондо кандай убадалар берилип, кандай сандар айтылган. 1-мартка чейин аткарылчу иштер пландаштырылган. Азыр мына майда турабыз. Салыштырып көрсөм, анын жарымы да аткарылбаптыр. Ошондуктан, бизде күмөнсүнүү пайда болду.

Улуттук Илимдер Академиясынын академиги Жамин Акималиевдин айтымында, айыл чарба реформасынын туура эмес жүргүзүлүшүнүн натыйжасы Кыргызстанды аргасыз акыбалга тушуктуруп жатат. Өкмөт дыйкандардын муктаждыктарынын болгон 10 пайызын гана жапканга жароодо дейт адис. Акималиевдин айтымында, айыл чарба Кыргызстандын калкын дан азыктары менен толук жабдыганга кудуреттүү:

- Мына чындыгында эле бизде жыл сайын 150 миң гектар жерден айдоо жерлер пайдаланылбай кысыр калууда. Бул өзү жакшылыкка алып келбейт. Мунун негизги себеби айыл чарба агрардык реформасынын туура эмес жүргүзүлүп, мурдагы 400 ири колхоз-совхоздордун ордуна 300 миң майда чарбалардын түзүлүп калышынын кесепети болуп жатат... Мунун бир гана жолу бар. Майда чарбаларды өздөрүнүн ыктыяры жана өзүнүн жеке менчик укугун сактап калуу менен ирилештирүүгө киришиш керек. Бул жерде саясий эрк керек. Уюштуруучулук иштер керек. Ошондо гана биз жерди пайдаланып, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кыла алабыз.

Расмий маалыматтарга караганда, былтыр 147 миң гектар жер айдалбай калган. Адистер болсо быйыл мындай өксүктү кайталабоо үчүн өкмөт жок дегенде жанар майды февраль айында убада кылынгандай 20 сомдон ашырбай берүү керек эле дешүүдө. Игорь Чудиновдун парламентте билдиргенине караганда, өкмөт майды рынок баасынан бир тыйынга да кемите албайт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG