Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:44

Грузиянын министри Орусия согушту тутандыруу аракетин көрүп жатат деп билдирди


Грузиянын кайра кызматташуу министри Теймураз Иакобашвилинин журналисттерге айтканы боюнча, Орусия Грузияны кысмакка алууну уланта берсе, согуш чыгып кетиши ыктымал. Мындай пикрин Иакобашвили Брюсселде Евробиримдиктин өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Евробиримдиктин министрлери Москванын жикчил аймактар боюнча акыркы чечимдерин талкуулап жатышат. Жакында Орусия Түштүк Осетия менен алакаларын бекемдеп, Абхазиядагы аскердик күчтөрүнүн санын көбөйткөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG