Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:53

7:00 Бийликтин саясатына каршы пикирин билдиргендерге куугунтук жүрүп жатат


Мындай маанидеги билдирүүнү “Интербилим” коомдук уюму таратты. Аталган уюмдун жетекчиси Асия Сасыкбаеванын “Азаттыкка” айткан пикири боюнча учурда оппозициячы саясатчыларга өз пикирин айтууга эч кандай мүмкүнчүлүк берилбей жатат. “Оппозицияга маалымат каражаттары аркылуу да, эл алдына чыгып да өз пикирлерин айтууга мүмкүнчүлүк жок, аларды куугунтуктоо гана жүрүп жатат”, дейт Асия Сасыкбаева.
“Интербилим” коомдук уюму билдирүүсүндө 26-апрелдеги “Ыйык Ата журтту коргоо үчүн” жөө жүрүшү учурунда оппозицияга каршы жасалган чагымды уюштургандарга жана анын артында тургандарга карата катуу чара көрүүсүн президенттен Башмыйзамдын кепили катары талап кылышкан. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG