Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:42

7:15 Ишенбай Кадырбеков өзүнүн камалышын бийликтин буюртмасы деп эсептейт


Мындай пикирин ал “Азаттыктын” кабарчысына кечээ сот имаратында билдирген: “Менин саясий эркимди сындыруу максатында атайын бийликтин көрсөтмөсү менен камакка алышты”, дейт Ишенбай Кадырбеков.
Кечээ Ленин райондук соту Ишенбай Кадырбековду убактылуу тергөө абагында кармоо мөөнөтүн дагы бир айга узартты. Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбеков каржы полициясы тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылып, 25-апрелде камакка алынган. Айрым саясий ишмерлер болсо анын камалышын саясий куугунтук катары баалашууда. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG