Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

7:30 Өкмөт баалар быйыл да өсөрүн белгилөөдө


Кыргыз өкмөтү менен Улуттук Банк биргелешип тараткан билдирүүдө айтылгандай, буга дүйнөлүк базардагы баалардын өсүшү таасирин тийгизип жатат. Мындан тышкары сыртта жүргөн мигранттардан келип жаткан акча, айлык маяналардын көбөйүшү баалардын жалпы деңгээлине басым жасайт. Ошондой эле үстүбүздөгү жылы электр энергиясына жана жылуулукка, коммуналдык кызмат акыларына төлөмдөр көтөрүлүшү максатташтырылган. Мына ушулардын баары кымбатчылыктын өсүшүнө алып келет, деп айтылат билдирүүдө. Кыргыз өкмөтү менен Улуттук Банк кырдаалдан чыгуу үчүн жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында бир катар аракеттерди көрүшүүдө. Алардын катарында бюджеттик-салык тартибин бекемдөө, акча-насыя саясатын туура жүргүзүү негизги маселелер болуп эсептелет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG