Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:55

Мьянмадагы бороон-чапкындын курмандыктарынын саны 22 миңден ашты


Бул тууралуу бүгүн бул өлкөнүн мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлады. "Наргиз" деп аталган тропикалык бороон-чапкындан улам дагы 41 миң адам дайынсыз жоголду деп эсептелинүүдө. Өлкөнүн мамлекеттик телеси Мьянманы башкарган аскерий хунта гуманитардык кризисти чечүү үчүн эл аралык жардам алууга даяр экенин билдирди. БУУнун Азык –түлүк программасынын өкүлү Пол Рислинин "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысына билдиргенине караганда, алардын баштапкы эле эсептөөлөрү боюнча жүз миңдеген адамдар башпаанексиз калган. Анткен менен ири табигый кырсыка карабай, Мьянманын мамлекеттик маалымат каражаттарынын кабарына караганда, ушул дем алыш күндөргө белгиленген конституциялык референдум бороон-чапкындан катуу жапа чеккен 47 кыштак –шаарчадан башка аймактарда өз мөөнөтүндө өтөт. 10-майга мерчемделген референдум аскерий бийлик башкарган бул өлкөдө акыркы жыйырма жылга жакын убакыт ичиндеги алгачкы добуш берүү болот.

XS
SM
MD
LG