Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:25

ЕВРОБИРИМДИК ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТЫН ГАЗЫНА ДА ҮМҮТТӨНӨТ


Евробиримдик келечекте араб дүйнөсүнөн да көгүлтүр от алууга үмүттөнүүдө. Евробиримдиктин пландары боюнча араб өлкөлөрүнүн газы Түркиядан Австрияны көздөй төшөлүүчү Набукко кууруна куюлушу керек. Ушул дүйшөмбү күнү Брюсселдеги кездешүүдө "Араб газ кууру" деп аталган концорциум бул үчүн келечекте жылына 2 миллиард кубометр газ бере алары айтылды. Набуккону Евробиримдик Орусиядан алынып жаткан газга альтернатива болуучу долбоор катары карайт.

Бүгүн жаңы президенти кызматына расмий киришип жаткан Орусияга көгүлтүр от жагынан көз каранды болуп калуудан кооптонгон Евробиримдик азыр Набукко долбоорун алга жылдырууга олуттуу мамиле жасап калгандай. Бул долбоор көгүлтүр отту Түркия аркылуу Балканга, андан ары Австрияга жана Борбордук Европага чыгарууну карайт. Бирок бул үчүн ириде куурду толтуруп, толук кубаттуулукта иштетүүгө жол ачуучу газ булактарын табуу зарыл.

Евробиримдиктин тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенита Ферреро-Вальднердин ушул дүйшөмбүдө Түркиянын жана Жакынкы Чыгыштагы алты өлкөнүн өкүлдөрү менен жолуккандан кийин айтканына караганда, азыр алар түштүк тарапка да көз салып жаткан кези:

-Көп адамдар биз энергетикалык коопсуздугубузга келгенде али деле түндүктү жана чыгышты гана карап жатат деп ойлошот. Бирок биз, албетте, түштүк тарапка да көз салып жатабыз.

Евробиримдик Азербайжандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү анык белгисиз экенине карабай, аны азыркыга чейин Набукко куурунун болочоктогу негизги камсыздоочусу катары карап келүүдө. Түркмөнстан болсо өткөн айдан Евробиримдикке жылына 10 миллиард кубометр газ сатууну убада кылган эле, анткен менен бул газ Набуккого багытталары белгисиз. Бул үчүн Каспий деңизи аркылуу Азербайжанды көздөй куур төшөлүүсү керек. Бирок бул долбоор азырынча кагазга да түшүрүлө элек.

Ал эми Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн Ирак ушул дүйшөмбүдө Брюсселдеги сүйлөшүүлөрдө Евробиримдикке жылына 5 миллиард кубометр газ берүү жөнүндөгү убадасын дагы бир ирээт ырастады. Ал эми "Араб газ кууру" концорциумун түзгөн Египет, Иордания, Ливан, Сирия кошумча 2 миллиард кубометр жөнөтө аларын айтышууда. Бул үчүн алдыда чечүүнү талап кылган маселе - Ирак "Араб газ кууруна" кандай жол менен кошулары: Сирия аркылуубу же түз эле Түркия аркылуубу?

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, "Араб газ кууру" 2010-жылдын башында ишке бериле алат, ал эми Ирактын газы Европага жетиши үчүн дагы 2-3 жыл керек. Бул жерде транзиттик өлкө катары Түркиянын ролу өтө маанилүү. Евробиримдик Анкара көгүлтүр отту өз чек арасынан сатып алып, андан ары ортомчу катары экинчи тарапка сатуу жөнүндөгү Орусиянын сунушуна артыкчылык береби деп чоочулап келген. Эми Евробиримдиктин энергия боюнча комиссары Андрис Пиебалгстын ушул дүйшөмбүдө ырастаганына караганда, Түркия Евробиримдик үчүн түздөн-түз транзиттик милдетти аткарууга убадасын берүүдө.

Айтор Набукко газ кууру Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү үмүттөнгөндөй, беш-алты жылда ишке кирип, жылына 30 миллиард кубометр газ өткөрүп, толук кубаттуулукта иштей алган күндө деле бул Евробиримдик үчүн океандагы тамчыдай эле болот. Азыр анын керектөөсү жылына 600 миллиард кубометрди түзөт. Мунун төрттөн бир бөлүгүн учурда Орусиянын Газпрому камсыздоодо жана Евробиримдик бул өлчөмдү көбөйтүүнү анчалык каалабайт. Шаркеттин энергетика боюнча комиссары Андрис Пиебалгс Набукко концорциуму Газпром менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат деген маалыматтарды төгүндөдү:

-Орусия өзүнүн Түштүк агым долбоорунун үстүнөн иштөөдө. Алар Набуккого кошулууга кызыкдар экенин эч качан билдиришкен эмес. Менимче, биз да Орусиядан бул долбоорго кошулууну суранбашыбыз керек.

Газпромдун Түштүк агым долбоору Болгарияны көздөй Кара деңиз аркылуу куур төшөөнү карайт. Андан ары көгүлтүр от Италияга чейин жетмекчи.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG