Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:57

Өткөн жылды 30-августунда кыргыз өкмөтү менен канадалык “Камеко” корпорациясы, “Центерра Голд” компаниясы кол койгон келишимдердин шарттарын дагы бир жолу карап чыгуу боюнча парламент менен өкмөттүн биргелешкен комиссиясы түзүлгөн. Кыргызстан тарап келишим шарттарын кайрадан карап чыгуу сунушун билдирүүдө. Канадалык ишкерлер азырынча жаңы сунушка ачык жооп берише элек.

Кыргызстандын геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттик жетекчисинин орунбасары Владимир Зубковдун маалымдашынча, “Кумтөр” алтын кенинин запасы 700 тоннадан ашуун экени советтик мезгилде эле аныкталган.

- 315 тонна экономикалык запасы бардыгы эсептелинген. Мындан сырткары жер алдынан 200 тонна алтын чыгары болжолдонгон. Буга кошумча дагы 200 тоннадай алтын бардыгы айтылган. Ушулардын негизинде 715 – 716 тонна деген сандар чыккан. Ал эми миң тонна дегени нака геологиялык фантазиядан чыккан божомол,- дейт В.Зубков.

Болжолдонгон алтын запасынын 200 тоннага жакыны онбир жыл ичинде казылып алынды. Өткөн жылы А.Атамбаевдин өкмөтү менен канадалык “Камеко” корпорациясы, “Центерра Голд” компаниясынын ортосундагы келишимдерге кол коюлуп, ага ылайык Кыргызстандын акциялары дагы 15%, ошондой биртоп төлөмдөр көбөймөкчү. Парламенттин вице-спикери К. Исабековдун ырасташынча, бул келишимдердеги көрсөтүлгөн шарттар кайра каралышы керек.

- Биз буга канааттанбайбыз дедик. Себеби башка мамлекеттерди караганда кыйла өзгөрүүлөр бар экен. Силер бул келишимден да жогорулатасыңар десек, алар биз койгон фактылардан, материалдардан кийин “азыноолок даярбыз” деген сөзүн айтышты. Биз аны таштагыла, силер даяр болгондо бул маселени карайлы деп жатабыз.

Канадалык ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү баштардан илгери кыргызстандык депутаттар тобу “Центерра Голд” компаниясына тиешелүү Монголиядагы “Бору”, “Гаатсурт”, Кошмо Штаттардагы “Рен” алтын кендерине барып ал жердеги жагдай менен таанышып кайтышкан.

Делегация жетекчиси К.Исабеков “кыргыз коомчулугу билбеген фактыларды” алып келишкенин билдирди. Бирок да канадалык ишкерлер жаңы шарттарды кабыл алабы – бул да өзүнчө чоң суроо.

Кыргызстан тоокенчилер ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеев кыргыз өкмөтүнүн жаңы сунуштарын канадалык ишкерлердин кабыл алышы күмөн деген пикирде.

- Анан алар кандайча макул болот? Мен ушуга ишене албай турам.

О.Дүйшеев непадам кыргыз өкмөтү менен канадалык ишкерлер ортосундагы өткөн жылкы эки келишим парламенттен жактырылбай калса окуя эки өңүттө өнүгүшү ыктымал деген пикирде.

- Биз мурункуча иштей беребиз дейт. Мурункуча иштегенде буларга көп түшөт, бизге мурдагыдай эле аз болот. Экинчи вариант, улутташтыруу же мурунку токтомду алып таштайбыз десе булар эларалык сотко беришет. Сотко беришсе биз чоң чыгымга, 1 – 1,5 миллиард доллларга түшүп калабыз.

Түзүлгөн келишимдердин парламентте жактырылыш-жактырылбашынын арасат турушу Кыргызстан экономикасына салакасын тийгизип жатканын экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров да ырастайт.

- Эгерде жок дегенде ушуну майда бүтүп, колдосо колдоп, колдобосо жок деп жанагы келе турган акчалардан үмүтүбүздү үзүшүбүз керек эле.

Ал эми андай акчалардын быйыл 60 миллион доллар, эмдиги жылдан тарта ал дагы 10 миллион доллардан кошулуп турарын ошол эле А.Жапаров кошумчалай кетти. К.Исабеков ушу тапта даярдык жумуштары жүрүп жатканын, жаңы сунушка канадалык тарап ачык жооп бере электигин маалымдады.
XS
SM
MD
LG