Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:14

11:12 Ишенбай Кадырбеков ооруканадан тергөө абагына которулду


Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы башчысы Ишенбай Кадырбековду камакта кармоо мөөнөтүн кечээ Ленин райондук соту дагы бир айга узарткан. Мамлекеттик кызматкерге каржы полициясы кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деген айып тагууда. 25-апрелде камакка алынган Кадырбековдун жүрөк талмасы кармап, ооруканага жаткырылган. Анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү сурап Жогорку Кеңештин Коммунисттер фракциясы Ленин райондук сотуна кайрылган болчу. Сот сунушту эске алган жок деп билдирди “Азаттыкка” фракциянын мүчөсү Гүлжамал Султаналиева. Коммунисттер партиясынын мүчөсү, экс-депутат Ишенбай Кадырбеков өзүнүн камакка алынышын саясий себеп менен байланыштырууда. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG